Posted on

CÜNEYT ARKIN[1]

 

1937 yılında Eskişehir’de doğdu Cüneyt Arkın. Sinemaya 1964 vatani görevi sırasında tanıştığı Halit Refiğ sayesinde girdi. Karate filmlerinin, polisiye ve tarihsel filmlerin en aranılan oyuncusu oldu. 1976’da Şahin adlı filmle de yönetmenliği denedi. Cüneyt Arkın denince akla ‘Malkoçoğlu’, ‘Kara Murat’, ‘Battal Gazi’ filmleri geliyor. Oysa o dünyayı kurtarmaya soyunmadan önce, Türk Sineması’nın en çok başrol oynayan ismi Fahrettin Cüreklibatur’du. Tanınan adıyla  Cüneyt Arkın’ın romantik filmlerinen bazıları:

Hülya Koçyiğit’le çevirdiği ‘Sevgim ve Gururum’da haşin, duygusuz, zengin ama bir o kadar da yakışıklıydı. Genç kızların yüreğini hoplattığı filmler birbirini izledi. Bir başka siyah-beyaz film, ‘Silahlı Paşazade’ de ise, başına fes takıp, Osmanlı delikanlısı oldu ve Filiz Akın’a olan aşkı nedeniyle fena halde kırbaçlandı. ‘Çıtkırıldım’da ise yine Filiz Akın karşısında nazenin bir edebiyat hocasıdır ve dövüşçülükle uzaktan yakından ilgisi yoktur 1964’te ‘Hepimiz Kardeşiz’de bilinçli bir köy öğretmeni oldu. Film çevrilirken, oyuncunun doktor olduğunu duyan köylüler, muayene olabilmek için önünde kuyruk oluşturdu. Daha o filmde, ne kadar iyi bir dövüşçü olduğunu ispatlamıştı. Aynı yıl, ‘Gözleri Ömre Bedel’de ise Türkan Şoray’la başrollerdeydi. İleride de pek çok filmde üstleneceği rolü oynuyordu. Ünlü bir bestekâr derken, her yıl, Şoray’la bir film geldi. 1965 ‘Sürtük’te Arkın yine zarif salon beyefendisi ve yine piyano başında. Aynı yıl, ‘Kırık Hayatlar’da başarılı bir doktor. 1966 ‘Fakir Bir Kız Sevdim’. Gönül Yazar’la başrol oynayan Arkın, artık beyefendilikten sıkıldığının işaretlerini verir. Bu filmde zenginlikten sıkılıp, halkın arasına karışan, delikanlı olur. 1968’de çevirdiği filmlerden ‘İlk ve Son’ büyük beğeni toplar. Selda Alkor’la oynadığı filmde, başarılı bir ziraat mühendisidir bu defa. Aynı yıl yine Şoray’la ‘Artık Sevmeyecegim’i çevirir. Türkan Şoray’la çevirdiği pek çok filmde olduğu gibi yine piyano başındadır ve bestekârdır. Ertesi yıl ‘Aşk Mabudesi’nde yine Arkın-Şoray’la vardı. 70’lerin başında, yine romantik bir Cüneyt Arkın vardır. ‘Arım Balım Peteğim’de çapkın ve kendine güvenli. Aynı yıl, yine Şoray’la ‘Hayatım sana Feda’da geleneği bozmaz, yine piyano başındadır. Fatma Girik’le çevirdiği ‘Murat ile Nazlı’da gerçek mesleği doktorluğu oynar. 71 yapımı ‘Küçük Sevgilim’de, Filiz Akın’a âşık, altın parmak lakaplı bir cerrahtır. Hülya Koçyiğit’le çevirdiği ‘Adını Anmayacağım’da Kore’ye giden bir asker olur. Fatma Girik ile ‘Gönülden Yaralılar’ı çevirir. Aşk uğruna çile çeker. Koskoca Arkın’ın kahvesine ilaç atıp, uyuturlar onu. Canına tak etmiş olsa gerek ki, 70’lerin ikinci yarısında tarihi filmlere hız verir, kılıç sallar. Zaman zaman da ‘Maglup Edilemeyenler’, ‘Komiser Cemil’ gibi filmlerle, hem günümüzü  hem de bilinçli bir insan portresini yansıtır. Cüneyt Arkın, artık ne romantik delikanlıyı ne de yiğit savaşçıları canlandırıyor.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жүнейт Аркын

Жүнейт Аркын- 1937- жылы Эскишехирде туулган. Армияда жүргөн кезде Халит Рефиг менен таанышып, ал аркылуу 1964- жылы кино искусствосуна келген. Карате фильмдерде полиция кызматкери жана тарыхый кинолорго эң талап кылынган актерлордун бири болгон. 1976- жылы «Шахин» («Ылаачын») аттуу фильмдин режиссеру болгон. Жүнейт Аркын деген ысымды угаар замат «Малкочоглу», «Кара Мурат», «Баттал Гази» (Баттал Гази») аттуу кинолор эске түшөт. Чындыгында, ал дүйнөнү куткарууга белсенүүдөн мурда, түрк кино тасмаларында башкы ролдорду ойногон жаш актерлордун бири болгон. Андан кийин жандуу, шамдагай каармандарды жараткан актер катары тааныла баштады. Ошондой эле түрк кино тасмасында романтикалык кинолордо да башкы ролдорду аткарып жаш кыздардын журөгүнө чок салган учурлар да көп эмес. Мисал катары алсак Хулья Кочйигит менен которгон «Севгим ве гурурум» («Сүйүү жана намыс») фильминде орой, таш боор, ошол эле учурда келишимдүү бай жигиттин ролун ойноп көпчүлүктүн сүймөнчүгү болду. Ушул сыяктуу жүрөктү дүрбөлөнткөн кинолор тынбай арты-артынан чыга баштайт. Мындан тышкары «Силахлы пашазаде» («Куралдуу, күчтүү падыша») фильминде башына феска кийген осмондук жаш жигиттин ролун ойноп Филиз Акын деген кызды сүйүп калып катуу камчы жейт. Ал эми «Чыткырылдым» («Назик») тасмасында чыр- чатактан алыс турган сымбаттуу адабият мугалими болуп Филиз Акындын маңдайына чыга калат. 1967- жылы «Хепимиз кардешиз» («Баарыбыз туганбыз») деген фильде түшүнүктүү мугалимдин ролун аткарат. Бул фильм тартылып жатканда актердун доктор экенин билген айылдыктар көрүнүш үчүн ага кезекке жазыла башташат. Ошондой эле ушул эле кинодо өзүнүн мушташканга чебердигин көрсөтүп башкаларды таң калтырган. Ушул эле жылы «Гөзлери өмре бедел» («Көздөрү өлүмгө тете») тасмасында Түркан Шорай менен бирге баш роль ойногон. Негизинен, көптөгөн фильмдерде каармандардын образын эң жакшы аткарып берген. Мындан тышкары Жүнейт Аркын композитор катары да белгилүү болгон. Ал композитордук талантын 1965- жылы Шорай менен тартылган «Сюртюк» («Айылчы») аттуу фильмде көрсөткөн. Сымбаттуу, көпчүлүктүн сүймөнчүгү- Жүнейт Аркын пианино ойноодо. «Кырык хайатлар» («Кыйраган жашоо») фильминде өз ишинде ийгиликке жетишкен дарыгердин ролун мыкты аткарат. 1966- жылы «Факир бир кызы севдим» («Кедей бир кызды сүйдүм») тасмасыны тартылат. Гөнүл Йазар менен тартылган кинодо атактуулуктан тажаган, байлыктан баш тартып элдин арасына кошулган жаш жигиттин ролун аткарат. 1968- жылы «Илк ве сон» («Алгачкы жана акыркы») аттуу филмди тартып чоң жетишкендикке жетет. Бул жолу Селда Акор менен тартылган тасмада айыл чарба инженеринин образын ийгиликтүү жаратат. Ушул эле жылы «Артык севмейежегим» («Мындан кийин сүйө албайм») фильмин Шорай менен биргелешип тарткан. Түркан Шорай менен тартылган көптөгөн фильмдерде пианино ойноп, композиторлук талантын бирге алып жүргөн. «Ашк мабудеси» («Сүйүү улук») тасмада да дагы эле Шорай менен. 70- жылдардын башында романтик Жүнейт Аркынды көрөбүз. Ал «Арым балым петегим» («Аарым балым бал челегим») тасмасында аял жандуу жана өзүнө ишенген каармандын образын жаратат. Ал эми «Хайатым сана феда» («Сен үчүн жашоом курман») кинодо адаттагыдай эле Шорай менен жана пианинонун каршысында. Фатма Гирик менен бирге тарткан «Мурат менен Назлы» да өзүнүн кесиби болгон доктурдун образын жаратат. «Күчүк севгилим» («Кичинекей сүйгөнүмдүн») 71- тасмасында Филиз Акынга ашык, «aлтын кол» деген наамга татыктуу болгон хирургдун ролун аткарат. Ал эми Хюлья Кочйигит менен тарткан «Адыны анмайажагым» («Атын эскербейм») аттуу фильмде Корейге кеткен аскердин образын жаратат. Ошондой эле «Гөнүлдөн йаралар» («Журөктүн жаралары») фильмин Фатма Гирик экөө тартат. Ошол учурда сүйүү сезимине кабылып, жада калса, анын кофесине уктаткан дары кошуп уктаткан окуялар да кездешкен. Түйшүктүү сүйүү жүрөгүн катуу орутса керек, 70- жылдардын экинчи жарымында тарыхый фильмдерде кылыч шилтеп, жоо менен кармашкан. Андан соң «Маглуп эдилемейенлер» («Жеңилбегендер»), «Комисер Жемил» («Комиссар Жемил») сыяктуу фильмдерде ушул күндөгү аң сезимдүү адамдын портретин, башкача айтканда образын чагылдырат. Эми, Жүнейт Аркындай сезимтал, эр жүрөк, мыкты актер – бул дүйнөгө миң жылда бир келет.


[1] Türkçe’den Kırgızca’ya Çeviren: Elnura Şigaybayeva, 2008-2009 Ev Ödevi, KTMÜ, MDYO, Mütercim- Tercümanlık Bölümü, Bişkek, Kırgızistan