Posted on

Мүнир Өзкул[1]

 

Баарыбызга таанымал театр режиссеру, актёр Мүнир  Өзкүл Стамбул лицейин бүтүргөн.  Таланты менен көп элдин купулуна толгон бул искусство адамы алгачкы жолу 1940-жылы Бакыркөйдөгү Халкеви театрында «Уялчаак» спектаклине катышкан. 1949-жылы «Сес» театрында «Махабат көпүрөсү» спектаклинде образ жаратуу менен профессианалдуулукка алгачкы кадамын таштап,  1951-жылы Мухсин Эртуурул  «Күчүк» театрында режисерлук милдетин аткарган кезде Мүнир өзкүл да булл театрда иштей баштаган. 1951-жылы «Чычкандар жана адамдар», 1952-жылы «Түрмөдө», «Жарыш», «Ылдыйдан жогоруга», «Он экинчи түн», «Он бейбаш», «Арпа кампасы», 1953-жылы «Жөргөмүш», « Чон жигит», «Сый», «Кечээги наристе», 1954-жылы  «Гамлет», «Жаздагы бойдок», 1955-жылы  « Оюн болбогондо»,  «Сүйүктүү  көлөкө» «Чайкана», 1956-жылы «Маскарапоз», «Йаамурчу» спектаклдарында роль алган Мүнир өзкүл 1958-1959-жылдары Стамбул шаардык театрында «Көнүл качканды ээрчийт», «Сүйүктүү жары» «Бир кило намыс», «Сүрөттөгү адам» пъесаларында образ жаратты. 1960-1961-жылдары Стамбулдагы Аксарайда «Бульвар» театрында достору менен бир команда болуп иштеген Минүр Өзкүл «Каража» жана «Стамбул» театрларында командасы менен иштөөнү улантты. Театр жаатында таанымал боло баштаган жаш актёр биринчи жолу 1950-жылы Υчүнчү Селимдин «Сүймөнчүгү» филмине катышып киного кадам таштады. «Жети күйөөсү бар Хүрмүс», «Банкир Било», «Конурук», «Бактылуу күндө» кинолорундагы ролу, «Хабабам классы» сериалдарында  Таз Махмуттун образын жеткиликтүү бере алгандагы менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. 1925-жылы туулган Минүр өзкүл, Стамбул лицейинде окуп жүргөн кезинде эле таантынын учкундары байкалган. Лицейди бүтүргөндөн кийин экономика жана адабият факультетинде окуусун улантып, бирок бүтүрбөстөн театр жана кино жаатында эмгектене баштады. Сыйга татыктуу Минүр өзкүл «Стамбул лицейинин маданият жана коом жаатына басым жасашы менин искусство адамы болушума таасир берди  деп ойлойм. Себеби Стамбул лицейи ар тараптуу билим берүү менен бирге маданият жана искусствонун баш тарта алгыс жашоосунан үлгүлөрдү берет.»-дейт.

 

 


[1] Türkçe’den Kırgızca’ya Çeviren: Nargiza Kalıkulova,  KTMÜ, MDYO, Mütercim- Tercümanlık Bölümü, Bişkek, Kırgızistan, 2007-2008