Posted on

GURBETÇİ ŞABAN[1] (1985)

Yönetmen: Kartal Tibet

Oyuncular: Kemal Sunal, Müge Akyamaç, Reha Yurdakul, Yavuzer Çetinkaya

 

ГЕРМАНИЯГА БАРА ТУРГАН АВТОБУС

 

1-КӨШӨГӨ               

 

Шабан автобуска киргенде…

ШАБАН – Урматтуу жүргүнчүлөр сапарыңар кырсыксыз, балаасыз болсун! (0:00:40)

ЖҮРГҮНЧҮЛӨР – Рахмат!

ШАБАН – Эч нерсе эмес!

БИР ЖҮРГҮНЧҮ – Тамашалаба, бол,  маган суу алып келси!

ШАБАН – Ага, дегениңе кара, мен жүргүнчүмүн.

БИР ЖҮРГҮНЧҮ – Анда эмнеге сүйлөшүп жатасың?

ШАБАН – О, Кудай, анда башкалардын сапары кырсыксыз болсун, а сенин сапарыңда башың жарылсын. (0:01:00)

Баары күлөшөт.

Шабандын орду терезенин жанында болгондуктан, жанындагы отуруп жаткан адамдан өткөндө…

ШАБАН – Бир өтөйүнчү. (Адамдын бутуна басып)  Кечир, бутуңа бастым. (0:01:11)

Коңшусу ай дегендей… Ушул учурда Шабан экинчи бутуна басып жатат…

ШАБАН – Ах! Атайы эмес экинчисине да бастым. (Отуруп, адамга…) Саламатсыңбы, азизим.

КОҢШУСУ– (Ачылуу) Кайдан азизиң болдум?

ШАБАН – Же болбосо Азизасыңбы? (Коңшусу эч нерсе дебей…) Бираздан мурун угуп турду, азыр укпайт. Кулагыңа эч нерсе кирген болбосун. (Коңшунун кулагына үйлөйт…) Саламатсыңбы!

КОҢШУСУ – (Ачылуу…) Мага кара, азыр…

ШАБАН – Карайм да… Сенин көздөрүнөн башкасын көрбөйүн!

Жанындагы отургучта отурган аял жылмайып, Шабанга карап жатат… Шабан да ага карап…

КОҢШУСУ – Жасакерсиң го!?

ШАБАН – Жасакермин эии?

КОҢШУСУ – Оозуңду жап, сүйлөбө!

ШАБАН – Таарынтасың мени. Тээ Германияга чейин жанаша барабыз, коңшу болуп эсептелинебиз. Мурун мен бутуңа бастым, сапар убагында менин сөзүмдү угасың. (Адамдын колунан гезитти алып…) Эмнеге мындай карап жатасың? Никеде ким биринчи бутуна басса, үй-бүлө турмушунда анын тилин алынат эмеспи? Бул Германия сапарында мындай! (Адам ачылуу дем тартып…) Кой тур, дагы бир жолу басайын, гарантияны алайын!

Коңшусу «Аах» кыйкырып, бутун бүгүп коет.

ШАБАН – Ал эмне? Намаз кыласыңбы? Жуунуу кылдыңбы? Жок деп ойлойм. (0:02:24)

Ушул учурда автобус жеринен жүрүп кетет. Сапардын убагында Шабандын коңшусу печенье ачмайынча, Шабан дароо аны колунан алып…

ШАБАН – Чынында, көшөрүп суранбасаң, алмак эмесмин. Негизинде аны жакшы көрбөйм, кадырың үчүн гана жейм. (0:02:44)

КОҢШУСУ – Ушунчалык жасакер адамга кандай бир жооп берем билбейм.

Шабан «Гмм» дегендей…

ШАБАН – Жолуң каякка?  

КОҢШУСУ – Көлн.

ШАБАН – Мен да Көлнгө баратам, агамдын уулуна. Иштеп, мипмиллионер болом.

КОҢШУСУ – Кудай буюрса…

ШАБАН – Жактың мага! Кичинекей отургуч жасап да жанаша отуралы, эии?!

КОҢШУСУ – Кудай сактасын! (Контролерго кайрылат…) Ага, суу берсең.

КОНТРОЛЕР – Автобуста бир тамчы суу жок, агам. Тыныгууда ичесиң.

КОҢШУСУ – Азыр эмне кылайын?

КОНТРОЛЕР – Билбейм.

ШАБАН – Мен түздөйм. Жылсаң. (Ордунан туруп, коңшусунан өткөндө, буттарына басат… Шофердон микрофон сурайт…) Уруксатпы, агам?

ШОФЕР – Албетте…

ШАБАН – Урматтуу жүргүнчүлөр, суусузлугуңарды жоюш үчүн уруксатыңар менен суулуу бир ырды ырдагым келет. (0:03:33)

Баары кол чабышат… 

ШАБАН – Силерден алган күчүм менен бүгүнкү күндөргө келген санат күнүңөр, ай, пардон, санат айыңар катары программама баштайм… (0:03:35)

Ырдай баштайт…

 

 

2-КӨШӨГӨ                 ГЕРМАНИЯ/ АГАСЫНЫН ҮЙҮ

 

Автобус жаңы эле келди. Шабан менен жанында отурган адам бат эле автобустан түшөт. Шабан аркасынан…

ШАБАН – Койтур, каяка барып жатасың? Кандай сонун түшүнүштүк… (0:05:52)

Шабан такси менен агасынын отурган жерине келет. Алдынкы кабаттагы коридордо балдар ойноп жатышат. Шабан бир аялды көрүп…

ШАБАН – Кечиресиз, мен агамдын уулун издеп жатам. Бул жерде жашайт экен. (0:07:10)

Аял таптакыр башка тилде жооп берет Шабанга…

ШАБАН – Кудай, Кудай, мен Коран курсуна келдимби? (Башка аялды сурайт) Менин агамдын уулу кайда, эже? (0:07:25)

Бул аял дагы башка тилде сүйлөй берет…

ШАБАН – Сенин колуңду  жууналы. Бул грек болуп чыкты. Быякта баары башка тилде сүйлөйт. Биргелишкен Улуттарбы бул жерде кудай? (Бир баланы алып…) Кара, мен бар издөө агамдын уулун, каякта жашап кылат?

БАЛА – Ага, түркчө сүйлө, мен түркмүн.

ШАБАН – Ооо, Кудайга шүгүр, бир түрккө туш келдим. Нури быяктабы жашайт?

БАЛА – Албетте, мен уулумун.

ШАБАН – Чын элеби? Мени тааныган жоксуңбу, йа? Шабан агаңмын.

БАЛА – Шабан агам, кош кел. Ата, ата, кара, Шабан ага келди.

НУРИ – Ай, Шабан, кош кел.

НУРИНИН КАРЫСЫ – Кош кел, Шабан ага.

ЧОҢ АПАСЫ – Кош кел, уулум.

ШАБАН – Рахмат. Бул жерде жалаң гана чоочунлар жашайбы?

НУРИ – Жоок, жанында түрк коңшулар да бар. Кел, тааныштырайын сени.

ШАБАН – Болот. (0:08:16)

НУРИ – (Жанындагы эшикке уруп…) Али, Түркиядан конок келди. (0:08:18)

АЛИ – Кош кел.

ШАБАН – Рахмат. (Ушул учурда автобустагы Бахарды көрүп…) Ааа, кайра бул кыз! Бул кыз мени кубалабы, ыя? (0:08:30)

Дасторкондо отурушат…

ШАБАН – Турист паспорту менен келдик да, иш таба албайбызбы Германияда? (0:08:35)

НУРИ – Чынында, Шабан, аябай кыйын жана жашаган жер да жок.

БАХАР – Мен эртең дароо ише баштайм. Иштөө уруксатым бар.

ШАБАН – Мен сендей чачы узун болсом, дароо иш тапмакмын.

БАХАР – Андайбы? Мындай ойлонбо.

АЛИ – Койтур, Бахар, Шабанга тийбе. Шабан досум, сен эртең метрога бар, ошол жерде түрктөр иштейт. Сурайсың, бир нерсе чыгат.

АЛИНИН КАРЫСЫ – Ай, кандай жакшы ойлоп чыктың.

АЛИ – Мен сага адрести жазып берем.

ШАБАН – Рахмат, досум. (Бахарга кайрылат…) Көрөсүң анан, эртең кечээ иш тапкан катары үйгө келем.

БАХАР – Кудай буюрса! (0:09:15)

 

3-КӨШӨГӨ                        ГЕРМАНИЯ/ ЭШИК

 

Шабан иш табууга чыкты. Метрога келди. Ошол жерде түрктөрдүн сүйлөшкөнүн угуп, жанына келет…

ШАБАН – Ассалом алейкум. (0:11:23)

ТҮРКТӨР – Алейкум салам.

ШАБАН – Неме, бир нерсе сурасам…

БИРӨӨ – Эмнени сурасаң, досум?

ШАБАН – (Адрес менен баракчаны издей баштайт…) Кудай, Кудай, каякка койдум, а!? Вай, Кудай, барак учту окшойт. Балким, быякта. Бул жакта боло алат. Быякта да жок. Кудай, Кудай, жиним келатат. Каякка койдум мен аны?..

ТҮРКТӨРДӨН БИРИ – Эмнени издеп жатасың, досум?

ТҮРКТӨРДӨН ЭКИСИ – Паспортуңду жоготтуңбу?

ШАБАН – Жок да. Бир адрес беришти да, мына ушундай бир баракча.

ТҮРКТӨРДӨН БИРИ – Колуңдагы баракча эмеспи?

ШАБАН – Эии, колумда экен. Кандай дешет: «Издеген ?.. табат, адреси да…». Карап койсоң муну.                                

ТҮРКТӨРДӨН БИРИ – Кара азыр, мындан чык, солго бар, андан кийин оңго бурул.

ШАБАН – Оңго бурулайын…

ТҮРКТӨРДӨН ЭКИСИ – Эгерим, эгерим оңго бурулба!

ШАБАН – Эмнеге? Чыгыш көчөсүбү?

ТҮРКТӨРДӨН ЭКИСИ – Мындай болсо да, дагы жакшы… түрктөрдөн дароо жашоо уруксатын сурашат. Сенин жашоо уруксатың барбы, досум? 

Шабан эч нерсе сүйлөбөй…

ТҮРКТӨРДӨН ҮЧҮ – Сүйлөсөңчү…

ТҮРКТӨРДӨН ЭКИСИ – Жок болсо, күйүп кеттиң.

ТҮРКТӨРДӨН БИРИ – Досум, тилди жуттуңбу же болбосо?..

ТҮРКТӨРДӨН ҮЧҮ – Жок окшойт.

ШАБАН – Жок.

ТҮРКТӨРДӨН ЭКИСИ – Ээ, сен күйүп кеткенсиң!

ТҮРКТӨРДӨН ҮЧҮ – Кудай сени милициянын колуна түшүрбөсүн!

ТҮРКТӨРДӨН БИРИ – Милиция жүрсө, дароо көзгө көрүнбөй жогол!

ШАБАН – Көзгө көрүнбөйүн, эии? (Кетет…) Мейли, жакшы калгыла! (0:13:02)

Көчөгө чыгып, Шабан милицияны байкаган маалда дароо коркуй берет жана жашырынып кетет. Андан кийин бир дүкөнгө кирип, өзүнө шлапаны сатып алат…

 

4-КӨШӨГӨ                                               ҮЙ

 

Аялдар кезек менен жуунушат. Алжир аялдын кезеги келди. Анын аркасындагы аял ага жол бербей, экөө тартыша башташат. Аягында алжир аял кайра кезегин күтүүгө зарыл. Ушул учурда Алинин карысы жекирикти угуп, дароо келет жана Бахарды сурайт…

АЛИНИН КАРЫСЫ – Эмне болуп жатат? (0:16:30)

БАХАР – Кезек алжир аялда эле, грек аял андан мурунураак кирди.

АЛИНИН КАРЫСЫ – Чопчоң үйдө бир ажаткана бар, албетте мындай болот. Ар күнү ажаткана тартышы.

БАХАР – (Алжир аялга кайрылат…) Капаланба, жаным, кыйналбай эле кой.

Алжир аял еврейче бир нерсе айтат. Ушул учурда Шабан келет.

ШАБАН – Көрөйүнчү. Бул эмне, ыя? Аял мончосун кылдыңар бул жерди.

БАХАР – Кудааай, ажаткана үчүн тартышылат. Сен ишти таба алдыңбы?

ШАБАН – Бүгүн таба албадым, бирок эртең – гарантияны берем. (0:16:57)

Ушул учурда ажатканадан грек аял чыкты. Кезектеги башка аял дагы ошол алжир аялга жол бербей, тартыша башташат. Алжир аял кайра эшикте калат…

ШАБАН – Көпкө ушундай чыда албайт. Астына кылат окшойт. (Күлөт…). (0:17:06)

БАХАР – Грек кыздар аябай барымтачы.

ШАБАН – Эгей деңизи бүттү, эми азыр көздөрү ажатканабызда.

БАХАР – Менин кезегимди алып эле көрсүн, анын эки буттарын бөлүп коём.

ШАБАН – Койчу!.. Браво, кыз. Жактыра баштадым сени.  Эээ, сенин фабрикада ишиң жакшыбы?

БАХАР – Эи, жаман эмес. Немецтер үчүн жип жасайбыз.

ШАБАН – Мен эмнени кылам немецтерге, көрөбүз анан! (Күлөт…). (0:17:34)

 

 5-КӨШӨГӨ                                 ЭШИК/ КҮН

 

Шабан ишти издегенге чыкты. Көчөдө сэндвич сатыла турган жерден өткөндө…

ШАБАН – Ага, муну берсең. (0:17:59)

НЕМЕЦ – (Немецче…) Эмне?

ШАБАН – Бир сэндвич дедим.

НЕМЕЦ – Аh, so.

ШАБАН – Со эмес, сэндвич.

НЕМЕЦ – (Немецче…) Эки маркка.

ШАБАН – Быякта жазуу бир маркка…

НЕМЕЦ – (Немецче…) Бир маркка эмес, эки марка.

ШАБАН – Бир марка.

НЕМЕЦ – (Немецче…) Эки  германиялык маркка.

ШАБАН – Ааа, түшүндүм. Немецтерге бир маркка, түрктөр келгенде эки маркка.

НЕМЕЦ – Jaja.

ШАБАН – Сен азыр ошол сосиканы ал, бур, бур да… Кудая тобо, апаңа да салам айт. Дегенибизди жакшы билет. (Кетет…).

Немец Шабанды аркасынан чакырат жана бир марка деп айтат…

ШАБАН – Nein. Дагы эстейсиң бизди. Мейли, кош!

НЕМЕЦ -Чүүз!

ШАБАН – Эмне дедиң, эмне дедиң?

НЕМЕЦ -Чүүз!

ШАБАН – Сага чүш… жинди.  (0:18:52)

 

6-КӨШӨГӨ                                           ҮЙ

 

Коридорда балдар бири-бири менен урушат. Аялдар аларды арачалаганда  өздөрү уруша башташты. Ушул учурда түрк кыздар чыгат…

БАХАР – Кыз, буга кара! Гректер биргелишип, алжир аялдарды урушат. Кел, ушул мышыктарга орундарын көрсөтөлү! Түрктөр келет! (Уруша башташат…) (0:19:11)

Ушул учурда Шабан келет.   

ШАБАН – Койгула! Эмне кыласыңар? (Араларына кирип, аны да ура башташат…) Жаман болот!.. Айт мага, эмне кыйкырып жатасың, ыя?..  (0:19:29)

Башка катта жашаган немец аял милицияга чалат… Бираздан кийин милициянын сиренасы угулат. Баары дароо тынчып калышат…

АЛИНИН АПАСЫ – (Шабанга…) Сени көрбөсүн, иштөө уруксатың жок. Жашын, чурка! (0:20:02)

ШАБАН – Каякка качайын?

АЛИНИН КАРЫСЫ – (Бахарга…) Милиция келди, чурка!

Шабан жана Бахар ажатканага кирип…

БАХАР – Аа, эмне ишиң бар быякта? (0:20:11)

ШАБАН – Быякта адамдын эмне иши бар го!?

БАХАР – Уяты жок.

ШАБАН – А сенин эмне ишиң бар быякта?

БАХАР – Мен жашынам.

ШАБАН – Кел, сени жашырайын.

БАХАР – Жылмаңдаба, тамашасы жок.

ШАБАН – Кыз, сенин кесепетиңен бир тонна токмок жедим.  Жиним келтирбе, башым жаман, бир нерсе кылам…

БАХАР – Ааай, эмне кыласың?

ШАБАН – Сени туалетке салып, сифонду бошотуп, кетесиң.

БАХАР – Кел, кыл да, көрөлү.

ШАБАН – Кудая тобо, бул кыз адамды ачыландырат.

БАХАР – Акырын, унчукпа, милиция келди.

ШАБАН – Унчукпайын, эи? (0:20:49)

Милиция келип, ким чалды деп кыйкырып, кетишет… Шабан жана БАХАР ажатканадан чыгышат…

ШАБАН – Кетишти окшойт. (0:21:12)

БАХАР – Ооба. Кел, мага дуба кыл, куткардым сени.

ШАБАН – Аябай назик кызсың, рахмат.

АЛИНИН КАРЫСЫ – Кыз, сен бул эркек менен ажатканада… (Талып калат…)

БАХАР – Эже!

ШАБАН – Кыз, эжеңдин көңүлүн ажаткана айлантат окшойт! Ха ха! Сенин көңүлүңдү эмне айлантат?

БАХАР – Тобоо! Оозуңду жап!

ШАБАН – Макул, сүйлөбөйүн. (Шапкасына карап…) Бул эмне, ыя? (0:21:32)

 

7-КӨШӨГӨ                                     ЭШИК/ КҮН

 

Шабан иш издегенге чыкты. Парктагы скамейкада отуруп жеген адамды көрүп, жанына келип отурат.

АДАМ – Ай, сен турке? (0:22:22)

ШАБАН – Ооба, мен түрк, бирок ач түрк.

АДАМ – Гмм, сен ач, ач.

ШАБАН – Мен эмнени ачайын?

АДАМ – Ач, ач!

ШАБАН – Уят болбойбу быякта баарынын арасында?

АДАМ – Бар сен иштөө?

ШАБАН – Жок иштөө.

АДАМ – Гмм, urlaub.

ШАБАН – Жок, Урфалык эмес, Малатьялыкмын.

АДАМ – Кыскасы, сен отпускада жүрөсүн, urlaub.

ШАБАН – Урфалык деп көшөрүп туруп жатат. Урфалык эмес, Малатьялыкмын! Иш издеп жатам, иш!

АДАМ – Аh, so. Жакшы, жакшы!

ШАБАН – Эмне жакшы, ыя? Иш жок дейм!

АДАМ – Жакшы! Бар менин дос, чоң патрон (Ханс), чоң фабрика, аябай сүйүү түрктөр.

ШАБАН – Ага, ишендим сага. Колубуздан канчалык келсе да, баары бир көздөрүбүздү оюк жасыйсыңар.

АДАМ – Мен бар көп түрк алып келүү, иш табуу. Патрон (Ханс) дос дароо алуу ишке.

ШАБАН – Кара, тамаша болбосун. Башым жаман, силерден да, бизден да алып, жаман кылам.

АДАМ –  Nein, nein! Бирок бул соода иш досум, жок акысыз.

ШАБАН – Түшүнгөн жокмун.

АДАМ – Мен алуу комиссияны үч жүз маркка.

ШАБАН – Ого!

АДАМ – Сен билет, досум. Кечир.

ШАБАН – Жок, кечирбейм! Досум, кой тур! Мына бул бүт акчам.

АДАМ – Мен албайт, үч жүз марка мурун.

ШАБАН – Жарымы азыр, жарымы ише баштаганда болсун.

Адам немицче бир нерсе айтат.

ШАБАН – Ай, энең!

АДАМ – Жок зыян.

ШАБАН – Атаң.

АДАМ – Жок зыян. Сөгүн, үч жүз марка bitte.

ШАБАН – Карачы ага! Немеге акчаны бер, анан бармакты сор! Кепин акчаң болсун!

АДАМ – Jaja, үч жүз марка.

ШАБАН – Какап кал!

АДАМ –  Danke schönKommkomm, мен алып келүү патрон (Ханс).

Ушул учурда Шабан колунан сэндвич алууга аракеттенет.

АДАМ – Nein, nein, mein Sandwich!

ШАБАН – Акчаны бердим, сэндвич менин, жүр көрөлү! (0:24:21)

 

8-КӨШӨГӨ                                   ФАБРИКА

 

АДАМ – Мына келдик. (Иштеген түрктөргө…) Салам, салам. (0:24:25)

ТҮРКТӨР – Салам.

ТҮРКТӨРДӨН БИРИ – Феликс адаттагыдай эле бир түрк жумушчусин кармап алган.      

ТҮРКТӨРДӨН ЭКИСИ – Эи, күйүп кетти байкуш.   

ТҮРКТӨРДӨН ҮЧҮ – Иштөө уруксаты жок анык эле, кыйналат.

АДАМ (ФЕЛИКС) – Жүр! А, мына патрон келди.

ШАБАН – Сүйлөшөлү анда.

ФЕЛИКС – Дагы эркен. (0:24:51)

КЕЗЕКЧИ – Тез, тез жалкоо түрк! (0:24:56)

Ушул учурда патрон кезекчинин жанына келет…

ПАТРОН (ХАНС) – Кандай, түрктөр жакшы иштейби? (0:24:07)

КЕЗЕКЧИ – Ооба, дем алуу жок, жанталашып иштешет.

ПАТРОН (ХАНС) – Иштешсин! Ишти көрүшсүн! Буларга кара, буларга кара, кандай шылдыңдашат! Мен азыр көрсөтөм аларга! Эки айлык кестим!

КЕЗЕКЧИ – Ага! Эки айлык кесилет. (Түрктөргө) Эки айлык кесилди, жаман түрктөр! (0:25:32)

Патронун кабинети. Дубалдагы парданы бирөө ачат. Дубалда Гитлердин портрети илинип турат. Патрон (Ханс) жана анын астындагылары оң колун көтөрүп, «Хай Гитлер» дешет. Ушул учурда секретаршасы кирип алардагыдай эле «Хай Гитлер» дейт.

СЕКРЕТАРША – Саламатсызбы? (0:25:52)

ПАТРОН (ХАНС) – Саламатчылык.

СЕКРЕТАРША – Жумалык өндүрүш рапорту.

ПАТРОН (ХАНС) – Жакшы, жакшы. (Астындагыларына) Ишке! Эрика, жаным, сүйүүм, ашыгым, гүлүм!

СЕКРЕТАРША – Секретериңизге бираз сылык көрсөтө аласызбы?

ПАТРОН (ХАНС) – Сен менин ашыгымсын, сүйүүмсүн, жаным! Карачы, эмнени алдым сага!

СЕКРЕТАРША – Ах, сүйүүм! Бирок бул аябай кымбаттуу белек!

ПАТРОН (ХАНС) – Акчасын мен бербейм го!

СЕКРЕТАРША – Албетте, түрк жумушчуларынын айлыкларынан кесип аласын. Оңго карадың – жаза, солго карадың – жаза!

ПАТРОН (ХАНС) – Билесиң, эч биринин иштөө уруксаты жок. Милицияны чакырам, Германиядан чыгарып салат силерди деп айтып, эч биринин  үнү чыкпайт. (0:26:43)

Телефон чалат. Секретарша жооп берет.

СЕКРЕТАРША – Феликс бир түрк алып келген экен. Иштөө уруксаты жок экен. (0:26:52)

ПАТРОН (ХАНС) – Жакшы, дароо келсин. (0:26:58)

Феликс менен  Шабан кабинетке кирет. Патрон немицче бир нерсе айтат.

ШАБАН – Эмне деп айтат? (0:27:07)

ФЕЛИКС – Кош кел дейт.

ШАБАН – Андайбы? Рахмат, жаным.

ФЕЛИКС – Ммм, түрктөрдү жакшы көрөм дейт.

ШАБАН – Чын элеби? Аябай тамашакөй адам.

ФЕЛИКС – Дароо ишке баштасын дейт.

ШАБАН – Кой тур, мурун көрөлү канча алабыз, канча беребиз.

ФЕЛИКС – Бир апталык аванс алат сен, фабриканын белеги.

ШАБАН – Белек мындай болсо, демек жашайбыз.

ФЕЛИКС – Паспортуңду бер дейт.

ШАБАН – Эмне кылат экен?

ФЕЛИКС – Сен жок коркуу, патрон сенин үчүн алат иштөө уруксат, уруксат.

ШАБАН – Аааа… (0:27:55)

Феликс Шабанды иш ордуна алып келет…

ШАБАН – Канча алам, эмне иш кылам, айтсаңчы. (0:28:07)

ФЕЛИКС – Иш жеңил сенин, жеңил.

ШАБАН – Чын эле жеңилби?

ФЕЛИКС – Бар сегиз саат иштөө быякта.

ШАБАН – Албетте иштейм, эмне болот. Мейли канча алам?

ФЕЛИКС – Бар жумада жүз элүү марка алуу.

ШАБАН – Мен бул иште болбойм, досум. Бергиле паспортумду, кетип жатам.

ФЕЛИКС – Сен бир жерге кете албайт. Биз кетүү милиция, сен иштөө уруксаты жок, Германиядан чыгарат.

ШАБАН – Кыскасы, колго түштүк дечи.

ФЕЛИКС – Сен азыр жакшы, жакшы иштөө. Түшкү тамак биздин континде жейсиң, башка жер болбойт.

ШАБАН – Энең, күйгүздүң мени.

ФЕЛИКС – Мейли, иште, иште.

ШАБАН – Мен азыр бар бул иш жасоо, бирок бир күнү кайгы өткөзүү силерди. Аллах бийиктир, күн чыкмайынча эмнелерди жарабас гана!?

Ушул учурда тревога сигналы угулат. Шабан Феликсти муунтап…

ШАБАН – Кудай, согуш башталды. Мурун сени муунтам.

ФЕЛИКС – Жок согуш. Аябай шанстуу сен, иштебестен жегенге барат сен.

ШАБАН – Кудайга шүгүр, курсагым ачты. Ашкана каякта?

ФЕЛИКС – Кел мен менен сен, кел. (0:29:12)

Континде…

ШАБАН – Бул тамак сасыйт го!? (0:29:17)

БИР ЖУМУШЧУ – Бул тамак эң жакшы, досум.

ШАБАН – Мен жебейм муну.

ЖУМУШЧУ – Башка жерде жегенге болбойт. Берген бир канча маркасы да, мындай тамак берип, кайра бери алышат.

БАШКА ЖУМУШЧУ – Иштөө уруксатыбыз жок да Германияда, мына, каалагандарды жасатышат бизди.

ШАБАН – Мунун чечүүчү жолу?

ЖУМУШЧУ – Мунун жолу жок.

ШАБАН – Билет Кудай, табабыз! (0:29:40)

 

 

9-КӨШӨГӨ                                 ЭШИК/ КҮН

 

ШАБАН – Тамак чакыруумду кабыл алганың үчүн ырахмат. (0:29:49)

БАХАР – Эч нерсе эмес.

ШАБАН – Антпесе рахмат, жаным. Сага бир күнү иш табам дегем. Акчаны жыйнайм, анан аябай жакшы бир оюм бар, сен менен…

Ушул учурда Бахар жөтөлө баштады…

ШАБАН – Абайла. Иштеп таптык сандым, абайла, жаным. Өттүбү? Абага кара, кушка кара, аа, өрдөк. Өттүбү?

БАХАР – Ооба, жакты сенин жакшы оюң да.

ШАБАН – Албетте жакшы. Жарк-журк эткен, сенин көздөрүң сыяктуу!

БАХАР – Менин да оюм бар, дагы көп акча табуу үчүн.

ШАБАН – Кандай?

БАХАР – Убакты келгиче айтам. Ишиң жакшыбы?

ШАБАН – Ооо, жакшы эмне деген, эң жакшы. Патрон (Ханс) алдымда эки бүктөм, уста башы менден коркуп жатат ордума алам деп. Баары менден уялып жатат. Менин эмнем бар? Түшүндүрсөм, убактым жетпейт. (0:30:51)

 

10-КӨШӨГӨ                                ФАБРИКА

 

ФЕЛИКС – Жүр, кетет биз. (0:31:06)

ШАБАН – Каякка?

ФЕЛИКС – Чакырат патронун секретарь.

ШАБАН – Эмне кылат экен?

ФЕЛИКС – Жок көп сүйлөшүү. Бар сага башка иш, көп акча.

ШАБАН – Аа, ал жакшы.

ФЕЛИКС – Чеч чапан, жүр.

ШАБАН – Макул. (0:31:18)

Патронун кабинети. Секретарша немицче бир нерсени айтат. Феликс Шабанга которуп берет…

ФЕЛИКС – Сен менен бирге баруу патрон үй. Сен иштөө ошол жерде. Komm! (0:31:28)

ШАБАН – Эмне ком ыя…  (0:31:52)

ФЕЛИКС – Мына, келдик. Патронун үй быякта. (0:31:54)

ШАБАН – Бул адам трамвайда жашайбы?

ФЕЛИКС – Кайда трамвай? Патрон жашоо кичи сарай. Komm.

ШАБАН – Комуп жатам, бул адам эмне дейт, ыя? (0:32:06)

Үйдүн ээси аял немицче бир нерсени кыйкырат, Феликс которуп бергендей…

ШАБАН – Эмне дейт бул аял, ыя? (0:32:12)

ФЕЛИКС – Мурун сен бар буюмдарды ылдыга ташуу, анан бар кыздын машинасын тазалуу.

Отурган жигит бир нерсени айтат дагы…

ШАБАН – Бул бала эмне дейт? (0:32:24)

ФЕЛИКС – Ал ишти бүтүр бат дейт, анан бокс машыктырат сени.

ШАБАН – Макул, урабыз. (0:32:30)

Шабан иштеп, үйдөгүлөр нарды ойношот. Аял Шабанга кыйкырат.

ШАБАН – Fäule түрке, Fäule түрке! Сен мурун туура ойногонду үйрөн! (0:32:55)

Шабан машинаны тазалап жатат.

ШАБАН – Биз иштейли, сен эс ал. (0:33:05)

ФЕЛИКС – Иште, иште.

Ушул учурда аялдын кызы келип, кыйкыра баштайт. Шабан аны сууга чылат. Кызы жакында турган суу менен чаканы алып, Шабанды төгүсү келет, бирок Феликске тийет.

ШАБАН – (Күлөт…) Иш казасы.  (0:33:22)

Шабан бала менен бокс машыгышат…

ШАБАН -Ал чынында уруп жатат мени го!? (0::33:27)

ФЕЛИКС – Тамаша, тамаша.

ШАБАН – Кайра урат го!

ФЕЛИКС – Тамаша уруу, тамаша.

Шабан Феликсти уруп…

ШАБАН – Көрсөтөм азыр тамашаны!

ФЕЛИКС – Эмне кылуу сен? Жок уруу.

ШАБАН – Бул сага тамаша. Биздикини урууга болот, аныкыны болбойбу? Койтур, өзүңө кел, балам! Эмне болуп жатат, ыя?

Феликс жана баланын атасы баланы колдоп, жакында турушат…

ШАБАН – (Атасын карап…) Бул да кайдан чыкты, ыя? Сен тийшпе! (Балага…) Кара, азыр көрсөтөм сага!

Ушул учурда бала урганда Шабан ийилеп, бала атасына урат жана атасы бассейнге түшөт.

ФЕЛИКС – Эмне кылды сен!? Урду патрон!

ШАБАН – Баласы урду!

 …Феликсти урат жана Феликс дагы бассейнге түшөт… Феликс кыйкырат…

ШАБАН – Кел, кел, komm, komm. (0:34:26)

 

11-КӨШӨГӨ                                   ҮЙ

 

БАХАР – Эмне болду? Ким урду сени? (0:34:46)

ШАБАН – Тамаша, тамаша.

БАХАР – Эшек тамасы бул. Буга кара.

ШАБАН – Акча табуу жеңил эмес. А! Кара, биринчи жумалыгымда эмнени алдым сага.

БАХАР – Ах, мени ойлогонуң үчүн аябай сүйүнүп кеттим. Рахмат.

ШАБАН – Эч нерсе эмес бул. Дагы эмнелерди гана албайм сага.

БАХАР – Кандай, жарашып кеттиби?

ШАБАН – Сулуу кызга эмне жарашпайт!? (0:35:15)

 

12-КӨШӨГӨ                           ФАБРИКА

 

Кезекчи немицче иштегиле деп кыйкырат… Шабанга жакындап келип, иште деп немицче айтат…

ШАБАН – Эмне дейт ал, ыя? (0:35:28)

ТҮРК – Кой, алдырба. Иштегиле дейт.

ШАБАН – Иштейбиз го!

Ушул учурда тамак сигналы угулат…

ШАБАН – А, тамак сааты! Иштебейбиз! (0:35:39)

Ашканада… Бирөөнү носилкалар менен алып кетишет…

ШАБАН – Эмне болду ага? (0:35:49)

ТҮРК – Кудай! Бул тамактан уукту. Биринчи жолу деп ойлойсуңбу, досум?

Ушул учурда кезекчи Шабанды иштөөгө жиберет…

ШАБАН – Тамак жеген жокпуз али.

КЕЗЕКЧИ – Убакыт так болуу!

ШАБАН – Барбайм, иштебейм!

КЕЗЕКЧИ – (Кыйкырат…) Жинди түрк! (0:36:09)

Шабан фабрикадан чыкты… Жакын милиция пунктунда Феликсти көрөт… Феликс Шабанды көрсөтүп, милиция кызматкери Шабанды чакырат…

ШАБАН – Шабанбы? (Феликске…) Жинди адам го, дароо колго түшүрдү мени. Ой-ой, качайын! (0:36:25)

Шабан качат… Бирок аны кармашты…

ШАБАН – Кудааай! Контр болду! (0:37:25)

Шабан эсин жоготот…

 

13-КӨШӨГӨ                          МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕ

 

Бахар Шабанды өзүнө келтирет…

ШАБАН – Каяктамын мен? Ким? Ант кылам мен күнөлүү эмесмин. (0:37:38)

КОТОРМОЧУ – Биз күнөсүздүгүң билебиз дейт.

ШАБАН – Анда эмнеге бизди кармашат?

КОТОРМОЧУ – Эмне болот, жалкоолугуңдан!

ШАБАН – Менби? Күндө он алты саат сенин атаңбы иштейт?

КОТОРМОЧУ – Акчаны аласың!

ШАБАН – Алган акча менен тойбойсуң. Тамак да уулуу, кабарыңар барбы?

КОТОРМОЧУ – Досум, сен акча аласыңбы же албайсыңбы?

ШАБАН – Кечээ алдык го, кайра берилеби? (Бахарга…) Эмне акчасы бул?

КОТОРМОЧУ – Кара, милицияны шылдыңдаба! Же болбосо жиберишет сени. Эмне акчасы… балдар акчасы!

ШАБАН – Кудай, Кудай! Өзүм билбей бирөөнүн баласынын атасы болуп чыктымбы?

КОТОРМОЧУ – Шылдыңдаба, кетесиң азыр! Эки балаң үчүн эки жүз кырк марка аласың.

ШАБАН – А! Төрөткөнүм эч эсимде жок! Мен төрөттүмбү?

КОТОРМОЧУ – Демек балдарың жок дейсиң?

ШАБАН – Менби? Эмне балдар, ыя? (Бахар аркасынан аны итерип, эки деп көрсөтөт…) Ааа, балдар! Эки бала бар. Арстандай эрктүү! Албетте, эркек адамдын эркек баласы болот!

КОТОРМОЧУ – Ааа, эстедиң. Аялыңдын кайра боюнда бар дегенсиң каттоо реестеринде.

ШАБАН – Дегенмин эи? Албетте боюнда бар! Биз түрктөр куру бекер жүрбөйбүз!

КОТОРМОЧУ – Быякта кол кой, акчаны ал! Андан кийин бизди чуркатпа! Ай сайын кел, ал акчаны!

ШАБАН – Албайынбы? Албетте алам! Элейип кеткем бул жолу. Теринин тери менен иштеп табабыз бул акчаны, туурабы? Мейли, жакшы калгыла! (Кеткенде Бахарга…) Эчтеке түшүнбөй калдым мен??? (0:39:27)

          

14-КӨШӨГӨ                               ҮЙ

 

БАХАР – Кофе ич да аклың жерине келсин. (0:39:36)

ШАБАН – Ошондон бир нерсе түшүнбөсөм, майнеке болоюн.

БАХАР – Жаным, мында түшүнбөгөн эч нерсе жок, опоңой.

ШАБАН – Оңой, оңой да, а менин кайдан эки балам бар? Аялым ким? Качан үйлөндүм?

БАХАР – Жок, жаным, үй-бүлөлүү эмессиң.

ШАБАН – Балдарым да жок, эи?

БАХАР – Кара азыр.

ШАБАН – Угуп жатам сени.

БАХАР – Сенин атың ким?

ШАБАН – Менин атым ким? Шабан.

БАХАР – Фамилияң?

ШАБАН – Йылдыз.

БАХАР – Кыскасы, сен Шабан Йылдызсың.

ШАБАН – Жаркырайм, эи?

БАХАР – Койчу. Хатиже таеженин уулунун аты да Шабан Йылдыз эле. Өткөн ай дүйнөдөн кайтты.

ШАБАН – (Таежеке…) Арты кайрылуу болсун!

ТАЕЖЕ – Рахмат, уулум.

БАХАР – Шабандын өлүмүн билдирген эмес экен. Сен да Шабан Йылдызсың, ошондой эле Германия өкмөтүнөн эки бала үчүн акчаны албоо – чалагайымдык.

ШАБАН – Азаматсың сен. Немецтер гана бизди дайыма алдап кетишсинби?

ТАЕЖЕ – Кудай сени корусун, уулум.

ШАБАН – Алып келип, колум чарчадыбы, таежекем? Сен сарсанаа болбо! Мен ар бир ай акчаны алып, Бахар алып келет сизге.

ТАЕЖЕ – Рахмат, балам. (0:40:47)

 

15-КӨШӨГӨ                                ЭШИК

 

БАХАР – Ушундай чоң сооп таптың, Шабан. (0:40:56)

ШАБАН – Таптым, эи?

БАХАР – Сен болбосоң, байкуш аял ачтыктан…

ШАБАН – Оболу! Эмне кылдым мен, жөн эле бир кол койдум. Кааласаң, дагы жүз миң кол коём.

БАХАР – Билесиңби, ушунчалык жакшы адамсың, күн сайын сенин жакшы жагың билип калам.

ШАБАН – Мени жакшы тааныбайсың. Шарактап кайнай баштадым, бираз дагы ысынсам, буу болуп учам. Жума аягында көрүшөлү?

БАХАР – Албетте. (0:41:26)

 

16-КӨШӨГӨ

 

 Ханс кредит алыш үчүн банкка келди…

БАНКИР – …бирок сиз бир жума ичинде экинчи жолу кредит алганды келип жатасыз. (0:42:37)

ХАНС – Неме, бизнесимди өнүктүрүп жатам. Түшүнөсүз мени.

БАНКИР – Эи, качкын түрк жумушчуларды акча төлөбөй иштетип, бизнес, албетте, өнүгөт. Мына, сизге жүз миң марка дагы кредит.

ХАНС – O, danke, danke, Herr General. (0:42:56)

 

17-КӨШӨГӨ                                 ЭШИК

 

Шабан жана Бахар шаарды кыдырып жатышат…

ШАБАН – Катерге отуралыбы? (0:44:43)

БАХАР – Отуралы.

Катерде…

ШАБАН – Кандай сонун кыдырдык,эи? (0:44:54)

БАХАР – Эи, баарын көрдүк.

ШАБАН – Эмки жумада барасыңбы дагы?

БАХАР – Барам.

ШАБАН – Билесиңби, аябай сулуусуң. Сулуулугуң дүйнөгө тең.

БАХАР – Ушунчалык сулуу эмес дүйнөбү?

ШАБАН – Сулуу эмес да, бирок сени тааныгандыктан кийин, таза уй желини сыяктуу шишип, эч бир жерге сыйбас болду.

БАХАР – Аябай сүйкүмдүүсүң.

ШАБАН – Сен мындай күлүп жатканда, бетиңде эки чуңкур бар го, өлгөндө мени ошыякка көмүшсүн. (0:45:29)

     

18-КӨШӨГӨ                          ФАБРИКА

 

Кезекчи Шабандын жанына келип, тез деп айтат… Шабан аны чекесине өпүп…

ШАБАН – Ах, жаным!  (0:45:58)

 

19-КӨШӨГӨ                               ЭШИК

 

Шабан жана Бахар отуруп сүйлөшүп жатышат…

ШАБАН – Неме… (0:46:17)

БАХАР – Ооба…

ШАБАН – Неме…

БАХАР – Ооба…

ШАБАН – Кыз, ушунчалык толкунданып сүйлөйсүң го, жөн гана мага турмушка чыгасыңбы демекмин.

БАХАР – Түшүндүм да, бирок бирден толкунданып кеттим. Ай, эмне сүйлөйүн. Сөз таба албайм.

ШАБАН – Кой, толкундаба.

БАХАР – Эжем менен сүйлөшүшүм керек.

ШАБАН – Кыз, мен эжең менен үйлөнбөйм да, сен менен үйлөнөм.

БАХАР – Аябай ширинсиң.

ШАБАН – Ширинмин, эи? Сен эртең ишиң бүткөндө, мага фабрикага кел. Жообуңду күтөм.

БАХАР – Макул. Эртең сүйлөшөбүз. (Саатка карап…) Үйгө кеч калдым. Жакшы кал.

ШАБАН – Жакшы бар. Кыз, өлүп жатам сенин үчүн!

БАХАР – Шшш, уят.

ШАБАН – Жаным чыгып жатат сенин үчүн!

БАХАР – Менин да! Шшш.

ШАБАН – Эмне болот, ыя, ашык болдум, сүйөм!… Сүйөм! Сүйөм! Сүйөм! (0:47:25)

 

20-КӨШӨГӨ                             ЖИП ФАБРИКАСЫ

 

Бахар менен иштеген кыздар Шабан жөнүндө сурап жатышат…

БИР – А, эмне деди, эмне деди? (0:47:32)

ЭКИ – Айтсаңчы, кыз.

ҮЧ – Жолдо сунуш кылдыбы?

ЭКИ – Ах, кандай романтикалуу.

БИР – Дароо «ооба» айтсаң болмок экен. Бул учурда күйөөң кайдааа?

ҮЧ – Сүйөсүңбү, кыз?

ЭКИ – «Ооба» дейсиңби? Айтсаңчы. (0:47:46)

 

21-КӨШӨГӨ                ШАБАНДЫН ИШТЕГЕН ФАБРИКАСЫ

 

ШАБАН – Сүйлөштүңбү эжең менен? Айтчы, ообабы? Кыз, айтсаңчы, ообабы? (0:47:53)

БАХАР – Кечээ сураганда да ооба эле, макоо.

ШАБАН – Мындай болсо, анда эмнеге азаптың мени бул убакка чейин?

БАХАР – Бираз эркелесем болбойбу? Кандай дешет, шайтан азапта керек.

ШАБАН – Мага шайтан дейсиңби, кыз? Тепкилейм.

БАХАР – Тепкиле да, көрөйүн.

ШАБАН – Кой, дароо өжөрлөнүп жатасың. Үйлөгөндө, ар күнү тартыш үчүн убактыбыз болот. 

Ушул учурда Феликс келет…

ФЕЛИКС – Эй оо.

ШАБАН – Келди!

ФЕЛИКС – Ооо, Шабан мырза, дароо тапты бир аял.

ШАБАН – Оозуңду жап. Ал менин карым. Жакында үйлөнөбүз.

ФЕЛИКС – Ааа, анда башка. Эсиме келди бир ой. Күтүп тургула быякта. Эгерим кетпегиле!

ШАБАН – Кокуууй! Күйүп кеттик.

БАХАР – Эмне болду?  

ШАБАН – Бул неменин аклына бир нерсе келгенде, алдынан сөзсүз арамзалык чыгат.

Патронун кабинети…

СЕКРЕТАРША – Айтканыңыз эң туура, патрон. Муну, ооба, муну дароо ишке ашырыбыз керек. Муну да карап чыгасызбы?

Феликс кирет…

ФЕЛИКС – Herr патрон, тынчын алдым, бирок проблеманы чечтим.

ПАТРОН (ХАНС) – Кайсынысы?

ФЕЛИКС – Сиздин үйдө акысыз иштеп турган үй кызматчысын таптым.

ПАТРОН (ХАНС) – Кайда?

ФЕЛИКС – Төмөндө, күтүп турат. Мына, Шабан, ал да Шабандын карысы. Кандай?

ПАТРОН (ХАНС) – Жакшы.

Феликс терезеден Шабанды чакырат…

ФЕЛИКС – Шабан, ал сенин кары, кел, кел, кел. Аябай жакшы нерсе болот.

ШАБАН – Кудай, Кудай. Сени да чакырат. Кааласаң кач, кыз.

БАХАР – Эмнеге? Ачуу – таттуу күндөрдө дайыма бирге. Мен да барам.

ШАБАН – Азаматсың, кыз. Мына, менин карым мындай болот. (0:49:53)

Шабан жана Бахар кабинетке кирет…

ШАБАН – Эмне болуп жатат, ыя? (0:49:59)

ФЕЛИКС – Патрондун үй кызматчысы бар качуу…

ШАБАН – Акылдуу аял эле экен. Бул жиндиге чыдай алынабы?

ФЕЛИКС – Жаңы үй кызматчысын тапканга чейин, ишемби жекшемби күндөр сенин кыз бар патрондун жанында иштөө.

ШАБАН – Бул аял бекер отурат, ал иштесин.

ФЕЛИКС – Ал иштебейт, патрондун сүйгөнү ал.

 

ШАБАН – Койчу. Биз силерге малайлык кылабызбы? Жүр, кыз.

Патрон кыйкырат…

ШАБАН – Эмнеге кыйкырасың немең жыртылагандай?

ФЕЛИКС – Шабан, бул кыз дароо барып жасайт ишти. Эгер жасабаса, Herr Hans азыр милицияга телефон, иштөө уруксаты жок түрк жумушчуларды Германиядан жетине.

ШАБАН – Жумушчулардын быякта эмне күнөөсү бар?

ФЕЛИКС – Билбейм.

ШАБАН – А бирок дагы да бизге варвар дешет. Бул варвардын падышасы да.

ФЕЛИКС – Жок варварлык. Бизде акча көп. Күчтүү болуу биз, силер болуу алсыз.

ШАБАН – Акча да силерде арсыздыкта.

Патрон немецче бешке чейин санай баштайт…

ШАБАН – Өл. Бул сенин акыркы эсебиң.

БАХАР – Мейли, мейли, иштейм.

ШАБАН – Мен сени ит сыяктуу азап тарттырам. Кош. (0:51:30)

             

22-КӨШӨГӨ                              ХАНСТЫН ҮЙҮ

 

ШАБАН – Мына, Ханстын үйү трамвайда. (0:51:39)

ФЕЛИКС – Жүрү, жүрү, жок сүйлөшүү. (0:51:44)

Бахар пол жууйт…

ШАБАН – Чарчадыңбы? (0:52:35)

БАХАР – Ал маанилүү эмес.

ШАБАН – Баарыңар кыйкырбагыла! Эмне дейт булар?

ФЕЛИКС – Иште дейт, жалкоо түрк.

ШАБАН – Кудая тобо… Жеңилинен берсин!

БАХАР – Көргүлүктү көрөсүңөр, немец доңуздары! (0:52:58)

   

23-КӨШӨГӨ                            ЭШИК

 

Шабан жана Бахар бала акчасын алып үйгө барып жатышат…

БАХАР – Рахмат, Шабан. (0:53:16)

ШАБАН – Ар бир бала үчүн төлөшөбү?

БАХАР – Албетте, ар бир бала менен бул сумма көбөйөт.

ШАБАН – Балдар Германияда болушу керекпи?

БАХАР – Жок, Түркияда да болсун. Мындай болсо, анда балдардын жаштарын, аты – жөндөрүн, ата атын көрсөткөн документти сурашат.

ШАБАН – Анда канча акча беришет?

БАХАР – Биринчи бала – жүз кырк, экинчи бала – эки жүз, анан ар бала үчүн жүз маркка кошулат.

ШАБАН – Демек, азыр Түркияда менин беш балам болсо, баары үчүн төлөшөбү?

БАХАР – Ооба, төлөшөт.

ШАБАН – Демек, бала башына жүз маркадан, он бала – миң марка, он беш бала миң беш жүз марка кылат, ал да үч миллион жүз жетимиш би… Кудааай!

БАХАР – Эмне эсеби бул?

ШАБАН – Оор экономикалык эсеби. Буга баш дешет, Бахар. Коргонгула, немецтер! Шабан келет! (0:54:13)

   

 24-КӨШӨГӨ                               ФАБРИКА

 

Ханстын кабинети…

СЕКРЕТАРША – Бүгүн вексельдин жарай турган акыркы күнү. Төлөсүзбү? (0:54:54)

ПАТРОН (ХАНС) – Кандай төлөйм, Эрика, кечээ кечинде рулеткада эки жүз миң марка жоготтум.

СЕКРЕТАРША – Ээ, эмне ойлонуп жатасыз?

ПАТРОН (ХАНС) – Банктан бираз дагы карыз алгандыктан башка жолу жок.

Ушул учурда Шабан эшикке урат…

ПАТРОН (ХАНС) – Кириңиз.

ШАБАН – Ассалом алейкум.

ПАТРОН (ХАНС) – Эмне каалайсың дагы?

ШАБАН – Паспортумду каалайм.

ПАТРОН (ХАНС) – Эмне үчүн?

ШАБАН – Мамлекетиме барып келем.

ПАТРОН (ХАНС) – Жок паспорт.

ШАБАН – Жок эмне деген? Менин паспоптум сенде эмеспи?

ПАТРОН (ХАНС) – Жок көп сүйлөшүү. Менин бар жини келүү, милицияга телефон этүү.

ШАБАН – Же бересиң паспортумду, же сенин түрк жумушчуларды мажбур иштеткениң билдирем. Болдубу, босс?

ПАТРОН (ХАНС) – Ал, адепсиз түрк.

ШАБАН – Азаматсың. Карачы, акырын акырын адам болуп чыгасың. (0:54:42)

 

25-КӨШӨГӨ                        АВТОВОКЗАЛ

 

БАХАР – Дароо барып келесиңби, эи? (0:54:47)

ШАБАН – Он беш – жыйырма күн албайт. Сени сагынып, көпкө чыдай албайм.

БАХАР – Мен да.

ШАБАН – Өзүңдү  жакшы бак. Мени убайымга салба. Куштай барып келем.

БАХАР – Сен келгенге чейин иштөө уруксатың берилгенге аракет кылам.

ШАБАН – Аёо, ал иш аябай маанилүү.

БАХАР – Сарсанаа болбо!

ШАБАН – Болбойм. (0:59:08)

Автобуста Германияга барганда Шабан менен отурган адам отурат… Шабанды көргөндө…

АДАМ – Ааа, кокуй, кайра ал! (0:59:22)

ШАБАН – Кудай, менин жол досум. Ассалом алейкум.

АДАМ – Барбайм, досум, бул автобус менен барбайм!

ШАБАН – Койтур, кандай сонун түшүнүштүк.

АДАМ – Эмне түшүнүшү? Башымдын балакетисиң сен!

ШАБАН – (Бахарга…) Эстедиң, эи? (0:56:37)

 

26-КӨШӨГӨ                        ТҮРКИЯ

 

МУХТАР – Дегениңди жакшы түшүнбөй калдым, Шабан уулум. (0:57:26)

ШАБАН – Мухтар аба, быякта түшүнбөс бир нерсе жок. Бүт айылды кыдырасыңар, кайсынын атасынын аты Шабан, фамилиясы Йылдыз болгон баланы тапсаңар, кимдик менен мага алып келесиңер. Буга чейин түшүнбөгөн бир нерсе барбы?

МУХТАР – Жок.

ШАБАН – Ошол ар бир бала үчүн беш миң кагаз акчасы.  Бул да түшүнүктүүбү?

МУХТАР – Түшүнүктүү, Шабан уулум.

ШАБАН – Анда азыр иш башына, көрөйүн силерди. Марш марш! Ээ, коргон, Германия, мен келип жатам! (0:58:06)

 

Германияда… Бахар Шабандан келген катты окуп жатат…

Катта…

 Бахар, сени аябай сагындым. Иштер жолунда. Азырынча тогуз балабыз болду. Сени сүйөм. Чус! (0:58:09)

 

Түркияда… Шабан балдарды санайт…

ШАБАН – Нежми Йылдыз, өт. Хайри Йылдыз, өт. Эшрев Йылдыз, кел, Эшрев. Нурия Йылдыз. Нежмие Йылдыз, кыз Нежмие. Шемсеттин Йылдыз, кел, Шамсо. Тургут Йылдыз, кой, көрөйүнчү. Сенин атын Тургутпу, ыя? (0:58:24)

ТУРГУТ – Ооба, ага.

ШАБАН – Мунун аты аябай рисктүү.

МУХТАР – Эмнеге рисктүү экен?

ШАБАН – Тургут го. Немецте ! Ал калсын. Өт. Мемдух Йылдыз, өт… (0:59:09)

 

Германияда… Бахар Шабандан келген катты окуп жатат…

Катта…

Бахар, мени эч убайым жебе, жакшымын. Аа, балабыз он төрт болду, баракелде! Сени аябай сагындым. Өчүм катуу болот. Шабаның… Мейли, мага чус! (0:59:10)

 

 Түркияда… Шаба жана Мухтар аба  балдарды санап жатышат…

МУХТАР – …Баары он төрт болуп жатат. Бүт айылды кыдырдык, башка жок. (0:59:50)

ШАБАН – Ээ, азырынча мынча да жетет. Рахмат, Мухтар баба. (0:59:59)

 

27-КӨШӨГӨ                             ГЕРМАНИЯ

 

Шабан Германияда…

ШАБАН – Аябай сагындым, кыз. (1:00:08)

БАХАР – Мен да. Түркияга эмне үчүн бардың, айтып бербейсиңби мага?

ШАБАН – Менин балдарымдын күбөлүктөрүн алып келдим. Так он төрт болуп жатат.

БАХАР – Эмне? Сенин он төрт балаң бар бекен?

ШАБАН – Жооок. Бала акчасы алыш  үчүн ата аттары Шабан, фамилиялары Йылдыз болгон он төрт баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүн алып келдим.

БАХАР – А мен болсо, сага жашоо жана иштөө уруксатын алдым.

ШАБАН – Ого! Мына, азыр жеңилдим. (1:00:35)

 

Шабан бала акчасын алганды келди…

КОТОРМОЧУ – Канча бала? (1:00:47)

ШАБАН – Он төрт.

КОТОРМОЧУ – Он төртпү?

ШАБАН – Эи, Кудайдын кудурети менен!

КОТОРМОЧУ – А!

Шабан баарын санап…

ШАБАН – Бүт баары он төрт. (Акча алып…) Кем чыкпасын. Балалуу болуу оңой эмес. Danke schön. (1:01:14)

 

28-КӨШӨГӨ                              ГЕРМАНИЯ/ РЕСТОРАН

(экинчи диск)

Шабан жана Бахар айланма ресторантта отуруп жатышат…

ШАБАН – Кандай? Кандай алдык акчаны, эи!? (0:00:08)

БАХАР – Чын айтканда таң калдым. Ээ, эмне кыласың ошол акча менен?

ШАБАН – Жыйнап, топтоп, чоң иштер жасайм.

БАХАР – Кандай, мисалы?

ШАБАН – Ого-го, кандайдыр бир иш жасап, эки жыл өтпөстөн король болом бул жергенин.

БАХАР – Болосуң.

ШАБАН – Болом, албетте. Көрөлү немецтердин техникалык жагын жана Шабан кызык аклын. Түрктүн куулугу, немецтин утулушу. (0:00:39) (Төмөн карап…) Аайии, кокуй, быякта аябай бийик, башым айланып жатат. (0:00:47)

БАХАР – Төмөй карабай эле кой.

ШАБАН – Эми муну ичели… (0:00:56)

           

29-КӨШӨГӨ                           БАНК

 

БАНКИР – Сиз дагы эле эски кредитти берген жоксуз. Азыр кайра элүү миң маркка суранасыз. (0:01:07)

ХАНС – Бизнесимди абдан өнүктүрөм. Биз сен менен эски доспуз, мени түшүнөсүң да.

БАНКИР – Бул жолу берем сага кредит.

ХАНС – Danke schön. (0:01:26)   

 

30-КӨШӨГӨ

 

Шабан Бахар менен үйлөнүп кетишет… Бахардын боюнда бар… Шабан Бахар менен жип фабрикасында иштейт…

БАХАР – Кара, кара! (0:02:15)

ШАБАН – Тээп жиберет.

БАХАР – Мейли, иште, кечикпе. (0:02:20)

Эшикте…

БАХАР – Акчаны алдык кайра, Шабан. (0:02:27)

ШАБАН – Бираз акча жыйнап, жакшы бир ишти жасоого убакыт келди.

БАХАР – Мисалы?

ШАБАН – Мындай бир иш жасашым керек да, немецтерди уйду сыяктуу саашым керек. Уй сыяктуу, уй, уй. А! Уй!

БАХАР – Эмне какшанып айта бересиң? Өзүңө кел.

ШАБАН – Мен өзүмдөмүн, кыз. Жасай турган ишти таптым.

БАХАР – Чын элеби? Эмне кылабыз?

ШАБАН – Уйду багып, сүтүн сатып беребиз.

БАХАР – Койчу!

ШАБАН – Койдум эле. Мен эртең менен барып, бир уйду сатып алам.

БАХАР – Жакшы да, бирок кайда багабыз.

ШАБАН – Үйдө. Биз менен жатып ойгонот, эмне болот!? (0:03:12)

 

Бахар төрөтүп жатат…

БАХАР – Эже, аябай жаман сезип жатам. (0:03:15)

ЭЖЕ – Азыр, азыр.

БАХАР – Шабан уй сатып алууга кетти, а быякта баласы туулат. (0:03:25)

Эжеси телефон чалып, Бахарды төрөт үйүнө алып кетишет… Бахар төрөдү…   

Доктор немецче аты ким болот деп сурап, өзү Моника деп айтат.

БАХАР – Фамилия Йылдыз. (0:04:34)

Шабан уйду сатып алып, үйгө барат…

ШАБАН – Кол кармаша немецтерге көрсөтөбүз. Акырын, ээнбаш болбо! (0:04:54)

Бахардын төрөткөнүн угуп, төрөт үйүнө шашып барып жатат.

ШАБАН – (Эжесине…) Кайсы палатада? (0:05:09)

ЭЖЕСИ – Он биринчиде. Бол.

ШАБАН – Кыз туулган, эи?

ЭЖЕСИ – Э, Кудайга рахмат. Быякта.

ШАБАН – (Бахарга…) Аааа! Бер мага. Аты ким болот? (0:05:23)

БАХАР – Болду деле. Моника.

ШАБАН – Ал эмне деген?

БАХАР – Бирок фамилиясы Йылдыз.

ШАБАН – Моника Йылдыз. Германиянын баласы. Мага кара! Экинчи баланын түрк аты болбосо, жаза катары сени дагы төрөттөм. Кыз, Моника. Уктайт го. (0:05:51)

 

Шабан уйду багып жатат… Бананлар менен тоюттандырат… Сүттү сатып берет… Сүт банан даамы менен болуп, адамдар кезек менен туруп Шабандын сүтүн сатып алышат… Аскерлер да сүттү ичкенге келип…

ШАБАН – Кудааай, аскерлер. Жүрү, кезекке тур, тур кезекке. (Аскерлерге…) Ал, жаным. (Адамга…) Кезекке тур. Эмне жабышкан киши го. (0:07:19-0:07:49)

Шабан сүт сатып берип, биринчи акча табат… Ошол акчаны банкка коюп салат… Убакыт өтөт. Шабандын үйү жана сүт фирмасы бар. Бахардын үчүнчү боюнда бар…

Фирмасында… Немец жумушчулар немицче сүйлөп…

ШАБАН – Койгула, түркчө сүйлөшкүлө! Мага кара, буга баш дешет. Ай, эмне дейсиңер. Түркчө! (Өзүнө өзү…) Бул фирманы ачып, жакшы кылдым. Уйларды мен башкарам. Анан акчаны банкка…  (0:11:07-0:11:29)      

 

31-КӨШӨГӨ                        

 

Ханстын үйү…

ХАНС – (Уулуна…) Бере албайм, бир марка дагы бере албайм. Банкротко учурап жатам… (0:11:30)

КАРЫСЫ – Тажадым бул сөздөрдөн!

КЫЗЫ – Эмне кылалы, кумар ойнобосоң болмок экен!

ХАНС – Жетет эми!

Телефон чалат…

КАРЫСЫ – Алё, ооба, бир мүнөт. (Ханска…) Банктан сурашат сени.

ХАНС – Алё, кандай? Ооба, Herr General. Болду, эртең банктамын. (0:11:57)

 

Банк…

БАНКИР – Банкыбыздан алган кредитиң ишиңде колдонбогондугуң билип калдык. (0:11:58)

ХАНС – Бирок, Herr General

БАНКИР – Кредитти дароо кайра бер! Же болбосо сени милицияга бергенге мажбур болом.

ХАНС – Суранам…

БАНКИР – Сага бир жума убакыт берем.

ХАНС – Бирок төлөгөнгө мүмкүнчүлүгүм жок, Herr General.

БАНКИР – Мейли, сага акыркы шанс: карызыңды жүз миң марка бөлүп-бөлүп төлөй аласың. (0:12:22)

 

Фабрика…

ХАНС – Ойрон болдук. Банк кредитти бербейт. Карыз да дароо эле төлөнүшү зарыл. Бул жума бөлүк менен да төлөй албайм. Кайда акча табабыз? (0:12:26)

ЭРИКА – Башыма бир ой келип жатат.

ХАНС – Эмне ал?

ЭРИКА – Ашкананы күрөөгө беришибиз керек.

ХАНС – Жакшы. Аябай жакшы. Дароо газетке жарыя бер.

ЭРИКА – Буюруңуз. (0:12:44)  

 

32-КӨШӨГӨ  

 

Шабандын үйү…

ШАБАН – Буга кара. Биздин Ханс континди күрөөгө берет. (0:12:45)

БАХАР – Иштери бузулду окшойт.

ШАБАН – Эи… Мындай кумар ойносо, акырында ушундай болот.

БАХАР – Эмне күлүп жатасың? Башыңа бир ой келди окшойт.

ШАБАН – Болгондо да кандай ой! Кандай дешет, бир күн менин да күнүм туур! (0:12:02)

 

Фабрика…

ЭРИКА – Herr патрон, Шабан келген экен, сизди көргүсү келет. (0:13:04)

ХАНС – Ал итти эшикке! Милицияга кабар бергиле!

ЭРИКА – Бирок, патрон…

ХАНС – Эшикке аны, дейм сизге!

ЭРИКА – Бирок акча алып келген экен.

ХАНС – Акчам бы?

ЭРИКА – Жүз миң марка.

ХАНС – Жүз миң маркабы? Guten Morgen, Herr Шабан.

ЭРИКА – Кириңиз, Шабан мырза.

ХАНС – Мен дайыма айтам, түрктөрдү аябай жакшы көрөм. Кириңиз, отуруңуз. Herr Шабан, тамеки… чегиңиз.

ШАБАН – Жок, чекпейм. Биз темага өтөлү. Мен бар сенин ашкананы арендага алуу.

ХАНС – О, аябай кубанычтамын, Herr Шабан.

ШАБАН – Ааа, өжөр, акча үчүн кандай жалынып-жалбарасың. Канчадан лира-марка күрөө контин?

ХАНС – Herr Шабан, үч жүз миң марка.

ШАБАН – Эмне? Үч жүз миң маркабы? Жок, жаным. Бизде абага таштап коюлган акча жок. Биз маңдай тери менен таптык бул акчаны. Мейли, кош.

ХАНС – Bitte bitte, Herr Шабан.

ШАБАН – Жүз миң марка контин күрөө үчүн, жүз миң да сага карыз. Үч айдан кийин карызды бересиң. Мурун даярдоо контракт, анан акча. Иш маселесинде тамаша болбосун. Олуттуулукту жактырам. Жаз, кыз, контракты.

ЭРИКА – Буюруңуз, Шабан мырза. (0:14:32)

Контин…

ШАБАН – Тамагыңар аш болсун, достор. (0:14:36)

БААРЫ – Рахмат, Шабан мырза.

ШАБАН – Кандайсың, Ханс мырза? Тамак десем, мындай болот. Кара, баары кубанычтуу.

ХАНС – Бирок бираз кымбат экен.

ШАБАН – Жумушчунун тамагында үнөмдөлбөйт. Ашчы башы…

АШЧЫ – Ооба, мырзам!

ШАБАН – Эртең бул каапырларга ачуу тамак жасап кой, попаларынын үстүнө отура албашсын.

АШЧЫ – Буюруңуз.

ШАБАН – Болуптур.

ХАНС – Ачуу тамак кандай тамак экен?

ШАБАН – Же анан көрөсүң.

ХАНС – Herr Шабан, мен сен менен сүйлөшүм керек.

ШАБАН – Тамак учурунда болбойт. Эртең менен кел, үйдө сүйлөшөбүз. (0:15:12)

 Шабандын үйү…  

ШАБАН – Ушундай абалдасың экен, сага карыз бербесек, кимге беребиз? (0:15:19)

ХАНС – Чоң рахмат, Шабан.

ШАБАН – Түркчөнү да үйрөндүң го. Азаматсың, үйрөн, үйрөн. Кандай болсо да жыйырма жылдан кийин расмий тилиңер түркчө болот.

ХАНС – О, Кудай, кандай боло алат мындай нерсе?!  

ШАБАН – Эч токтобой көбөйөбүз Геманияда. Силерден эч кандай айра турган нерсе жок бизде. Мейли, канча керек?

ХАНС – Жүз миң марка суранам.

ШАБАН – Оңой эле, бирок шартты билесиң. Убагында бербесең, эки эсеге алам.

ХАНС – О! Карактоо бул!

ШАБАН – Сен көп карактың.

Ушул учурда Бахар толгоп жатат…

 БАХАР – Ай, Шабан…

ШАБАН – Эмне бар, эмне болуп жатат?

БАХАР – Келип жатат…

ШАБАН – Эмне келип жатат? Эмнеге мындай шашып жатат, ыя?

ХАНС – Менин акчамды эмне болот?

ШАБАН – Убакытпы? Бала туулат. Ай, толкунданып кеттим.

ХАНС – Эртең карыз бергенимдин акыркы күнү, Herr Шабан.

ШАБАН – Мага айтасыңбы? Казинодо секретаршаң менен ойнобосоң бомок экен. Кыйнал азыр.

ХАНС – Маалында берем, болгондо да бүт карызды төлөйм. Ант берем.

БАХАР – Ай, Шабан, келип жатат. Ооруканага жеткирип кой мени.

ШАБАН – …?…   Болуптур, чус. Эртең, балким, келем. (0:16:29)

Ханс немицче тилдей баштайт…  

 

Бахар төрөттү…

ШАБАН – Бер мага. Бахар, бул жолу кыз туулдубу? (0:17:09)

БАХАР – Жоок, уул.

ШАБАН – Ааа, уул! Кудайга шүгүр! Атын берем, даярдангыла. Рамазан.

ДОКТОР – Ja voll.

ШАБАН – Яволь эмес, Рамазан. Шабан уулу Рамазан. Бул чынында уулбу, кыз?

БАХАР – Ооба.

ШАБАН – Мага окшош, эи? (0:17:29)

 

33-КӨШӨГӨ                          ФАБРИКА

 

ЭРИКА – Банктан телефон чалышты. Бүгүн төртүнчү бөлүп-бөлүп төлөшүнүн акыркы күнү экен. Так бир жарым миллион марка төлөшүбүз керек. (0:18:05)  

ХАНС – Кассада бир марка дагы жок.

ЭРИКА – Шабан бар.

ХАНС – Ал ит адамдан суранбайм, эч суранбайм!

ЭРИКА – Башка чечим жок. Өзү эшикте күтүп турат.

ХАНС – Келсин!

ШАБАН – Мына, керек маркалар быякта.

ХАНС – Сен аябай кең пейилсиң, Шабан.

ШАБАН – Бирок кичинекей бир тилегим бар.

ХАНС – Буюр, Herr Шабан.

ШАБАН – Фабриканын жүздөн элүү пайын каалайм.

ХАНС – Кандай? Түшүнгөн жокмун.

ШАБАН – Кара, түшүндүрүп берем. Мурун сага берген карызыңды төлөгөн жоксуң. Азыр сага берген акчам менен так бир жарым миллион марка чыгат.

ХАНС – Мейли, кабыл алам.

ШАБАН – Ааа! Бир шартым дагы бар.

ХАНС – Дагы эмнени каалайсың, Herr Шабан?

ШАБАН – Фабрикаңда иштеген түрк жумушчуларга иштөө уруксатын чыгарып бересиң.

ХАНС – Herr Шабан, өлөм, банкрот болом.

ШАБАН – Өл. Болдубу? Чыгарасыңбы?

ХАНС – Макул… (0:19:18)

Шабан фабрикада… Кезекчиге…

ШАБАН – Эй, арбайтен. Уккан жоксуңбу? Арбайтен, жүрү жалкоо адам. (0:19:59)

КЕЗЕКЧИ – Шабан!

ШАБАН – Шабан эмес, Herr Шабан. Кыскасы, Шабан мырза. Эмне бул, ыя? Бит.

КЕЗЕКЧИ – Битте?

ШАБАН – Эмне битеси жинди, бит, бит! Кир адам! Бир жумалык акыңды кесем. (Башкага…) Макоо адам, дагы кийингенди билбейт. Бул кийимге бул галстук жарашабы? Билимсиз! Алты күндүк акың кесилди. (Дагы бирөөгө…) Соз колдарың! Булганыч сыяктуу тырмактарың! Ушул жашта ушундай болобу? Кир доңуздай сасыйсыңар! (Жумушчуга…) Сен, кел быякка! Буларды мончокко алып бар, жуунгандыктан кийин бюромга келишсин! Сен де кийимиңди алмаштыр, мындан кийин уста башы сенсиң!

УСТА БАШЫ – Рахмат, мырзам. Ахтунг, кезекке, тез-тез. Оңго! Мончоко марш! (0:21:06)

Жумушчулар Шабанга кол чабышат…          

УСТА БАШЫ – Болду, патрон, буюрганыңыздай аларды жууп алып келдим. (0:21:15)

ШАБАН – Жакшы, келишсин.

УСТА БАШЫ – Киргиле! Болгула! Тез-тез! Бат, тез-тез!

ШАБАН – Быякта кезекке тургула!

УСТА БАШЫ – Жүргүлө! Бат, тез-тез!

ШАБАН – Ач бул парданы!

УСТА БАШЫ – Ачтым.

Парда ачылат… Дубалда Гитлердин потретинин ордунда Ататүрктүн портрети илинип жатат…      

ШАБАН – Тааныдыңарбы? Ататүрк! Дүйнөнүн эң улуу адамы! Салам берсеңер, ага бергиле! (0:21:55)

Баары хай деп колун көтөрүшөт…  

ШАБАН – Nein! Мындай эмес. Тизе тизелеп отургула! Эи, ушундай. Мага кара, Ханс мырза… же фабриканын бүт жумушчуларды тартып алам, же болбосо карың, кызың, уулуң, баары үйүмө иштөөгө келесиңер… эртең менен жетиде… кечикпегиле! (Уста башына…) Кечигишсе, билесиң, эмне кылыш керек. (0:22:30)  

                           

34-КӨШӨГӨ                          ШАБАНДЫН ҮЙҮ

 

Ханстын бүт үй-бүлөсү Шабандын үйүндө иштеп жатышат…

ШАБАН – Кандай, жактыбы сага? (0:22:41)

БАХАР – Эи…

ШАБАН – Мага жакпайт, жерин алмаштыргыла! Тез! Полду жакшы тазала! Жок, мындай да болбойт, алмаштыргыла, ошол кресло быякта жакшы көрүнгөн эле. (0:23:05)

Шабан Ханстын уулу менен бокско чыгат…

ШАБАН – Сен менен бүтпөгөн ишибиз калды, эи. Васы масы жок, бокс, бокс! Шипаз, уулум, шипаз! (0:23:26)

Шабан аны бассейнге түшүрөт…

Бираздан кийин Эрика келет…

ШАБАН – Кайда жүрүсүң, Эрика айым? Саат жетиде келесиңер деп айтпадымбы? (0:23:55)

ЭРИКА – Entschuldigung.

ШАБАН – Кой азыр айшую майшую. Үч акыңды кестим. Карачы, Марта айым, сенин күйөөң акча каржады ага, жоготту фабриканы, ja! (0:24:11)

Аялдар ура башташат…

ШАБАН – Эй, жетет, тартышпагыла! Эй! Иштегиле! Тартышууга болбойт! (0:24:19) (Бахарга…) (0:24:45)  Кел, кыз. Тобоо! Бизди убагында кандай иштетти! Аз көрдүкпү!? Азыр бул уйлар иштешсин! Болгондо да уй пайдалуу айбан: сүт берет… а! бала берет! Сен да мага бир бала бересиңби? Бир балабыз дагы болсун, эи!?

БАХАР – Кудай, Шабан, үч бала жетпейби сага?

ШАБАН – Жетпейт.

БАХАР – Болбойт!

ШАБАН – Болот, болот. Бала акчасын да алабыз, эи…

БАХАР – Жок!

ШАБАН – Жок айтпа, жаным, болот.

БАХАР – Болбойт дедим!

ШАБАН – Болот! (0:25:17)

 

Аягы

    

 

        

 

 


[1] Türkçe’den Kırgızca’ya Çeviren: Viktoria Linnik (Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi, YDYO, Mütercim-Tercümanlık Bölümü (2007-2008) (Metin Çevirileri dersinin ev ödevi olarak verilmiştir. Dr. Ahmet Güngör)