GÜNGÖRNAME

UDDÜ

ТИЛЧИ, АВТОР, КОТОРМОЧУ АХМЕТ ГҮНГӨР МЕНЕН МАЕК PDF Yazdır e-Posta

ТИЛЧИ, АВТОР, КОТОРМОЧУ АХМЕТ ГҮНГӨР МЕНЕН МАЕК[1]

Урматтуу Гүнгөр, агартуу жана билим берүү тармагындагы жашооңуздан кыскача баяндап бере аласызбы?

1967-жылында Чорум областына караштуу Алажа районунда туулганмын. Башталгыч жана орто билимди Чорумдагы Сунгурлу районунда алгам. Гази педагогикалык факультетинин арап тили мугалимдик бөлүмүн 1990-жылы аяктагам. 1991-жылы кыска мөөнөттүү аскердик милдетимди өтөгөм.

Эмгек жолумду Анкара университетиндеги түрк тилин окутуу борборунда (TÖMER) баштагам (1992). Бул аралыкта түрк дүйнөсүнүн булуң-бурчунан (Казахстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан, Түркменистандан, Азербайжандан жана Советтер Союзунун автономиялуу мамлекеттеринен) келген студенттерге Самсунгда жана Газиантепте түрк тилинен сабактарды бердим. Кийинчирээк Алматыда, андан кийин Манас университетинде 1998-жылдан тартып 2009-жылга чейин эмгектендим. Ал жерде түрк тили координаторлугу менен бирге болжол менен алты жылдай чет тилдери жогорку мектебинин синхрондук-котормо бөлүмүндө тилдер аралык (кыргызча - түркчө, түркчө кыргызча) котормо жаатындагы сабактарды өттүм.

Туркияга кайткандан кийин 2009-жылында Синоп университетинин табийгый илимдер жана гуманитардык факультетинин түрк тили жана адабияты бөлүмүнүн негиздөөчү илимий кызматкери болуп дайындалдым. 2012-жылында Синоп университетинен кол үзүп, Гиресун университетинин табийгый илимдер жана гуманитардык факультетинин түрк тили жана адабияты бөлүмүндө эмгектене баштадым. Бул жердеги университеттин түрк тилин окутуу борборун (TÖMER) жетектедим. Чет өлкөлүктөргө түрк тилин үйрөтүүгө байланыштуу түрк тили жана адабияты бөлүмү жана түрк тили окутуу бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнө 150 сааттык курстарды уюштурдум. Азыркы күндө болжол менен онго жакын түрк мугалимдери менен Гиресун түрк тилин окутуу борборунда (GRÜ TÖMER) сабактар улантылып жатат.

Үч жылга чукул улуттар аралык Ахмет Ясеви атындагы түрк-казах университетинин Кентав даярдоо факультетинин деканы болуп иштедим. Иштеп жүргөн чагымда Казахстан улуттар аралык Академиясынын Кеңеши тарабынан академик (International İnformatization Academy, IIA, Kazakistan/Almaty 2017), Чимкенттеги аймактык социалдык инновациялык университети Regional Social-Innovational University тарабынан профессордук наамы ыйгарылды. Ошондой эле Кыргызстандагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин Cенатосунун № 71 сандуу протоколунун чечими менен профессордук наамга татыдым (2018).

1992-жылдан бери Анкара университетиндеги түрк тилин окутуу борборунда (TÖMER) казак акындары жана жазуучулары тууралуу эмгектерибиз жаралып келүүдө. Түрк тилдери жана адабияты журналы жарыкка чыкты, анын ичиндеги алгачкы барагын улуу Манас атабызга, ал эми экинчи бетин Абайга арнадык. Казак адабияты менен байланыштуу туңгуч эмгектерди жаратканыбызды ойлойм. Явуз Акпынар жана Туран Язган агайларыбыздын бул тармакка кошкон салымы шексиз өтө чоң. “Түрк Дүйнөсү” журналы жана “Тектеш Адабияттар” аттуу чыгармалар ушул тармакта бөксөргөн эң чоң боштуктун ордун толтурду. Кийинчирээк ушулар менен биргеликте казак адабиятына байланыштуу Жамбыл Жабаев жана Мухтар Авезовдун эмгектерин жарыкка чыгардык. Булардын артынан Махдумкулу, Алишер Навои жана Бахтияр Вахапзаденин эмгектери жарыяланды. Ушул эмгектердин жарыкка чыгуусунда Анкара университетинин түрк тилин окутуу борборунун (AÜ TÖMER) жетекчиси Мехмет Хенгирмен агайыбызга терең ыраазычылыгымды билдирем. Анын колдоп кубаттоосу болбосо, аталган эмгектерибиз жарыкка чыкмак эмес.

Мухтар Авезовдун “Абай Жолу” романын түрк тилнне котордуңуз. Которулган чыгарманын окуясынан бир шиңгил кеп кылып бере аласызбы?

Жан дүйнөм көксөп жүргөн арзуум эле. Эч ким ушул чыгарманы жасап бериңиз деп айткан эмес. Анкара университетинин түрк тилин окутуу борборунда (TÖMER) эмгектенип жүргөн, доцент доктор Зейнеш Исмаил менен адабий чыгармаларды кызуу талкуулап отуруп, “Абай Жолу” романын Түркия түркчөсүнө которуу ою пайда болду. Эң оболу баштан аяк китепти бир канча жолу окуп чыктык. Баса белгилеп кетчү нерсе, чыгармадагы сөз байлыгынын казынасы менен бетме бет келгенибизди түшүндүк. Казак адабияты жана маданиятына жакын болбогондорду бери кой, казактын өзүнүн түшүнүүсү кыйынга турган роман менен маңдай тескей элек. Романдагы тил байлыгы, баяндоо таризи, фразеологизмдери, макал-лакаптары, маданияты, казак уруулары ортосундагы дипломатия, саясаты... Башкача айтканда “Абай Жолу” романын окуганыңызда үлкөн гун, көк түрк, казак хандыктары жана Бозкыр түрктөрүнүн тарыхы фильм тасмасындай көз алдыңыздан өтөт. Ордосу, көчмөндөрдүн чатырлары, той маарекелери, кымызы, эки кылдуу домбурасы... Ошондуктан учу кыйыры жок маданияттын океанында кайык же кеме менен саякаттап бара жатканыңызды элестете бериңиз. Сапарыңыздын байсалдуу болушу кемеңизге, аны башкарууңузга жараша болот.

Төрт томдук роман бизди абдан толкундандырды, бирок, ошол эле учурда шайыбызды кетирди. Эки томунун үстүнөн түнү күнү тынбай эмгектендик, өзгөчө аңгемелеринин үстүнөн иштедик. “Жетим” “Корголбогондордун күнү” мени аябай таасирленткен аңгемелер болуп саналат. Кыргыз кинорежиссеру Болот Шамшиев жана Сүймөнкул Чокморов тарабынан чеберчилик менен аткарылып, сахнага коюлган “Караш караш окуясы” баяны... негизи буларды ар бирин өзүнчө изилдеп, баалоону талап кылган мыкты шедевр чыгарма болуп саналат.

“Абай Жолунан” кеп кыла турган болсок, Мухтар Авезовдун “Абай Жолу” романы казактардын улуу акыны Абай Ибрагим Кунанбаевдин жашоо-турмушун чагылдырат. Абай улуу, залкар акын болуу менен бирге интеллектүү киши болгон. Атасы Бозкырдагы түпкүлүктүү бий тукумунан. Чыгармада Абайдын тек жааты, бүтүндөй казактын агартуу жана окутуп-үйрөтүү жолу, сабаттуу коомду жаратуу жаатындагы кажыбас күрөшүүнү, мындагы өзүнүн жалгыздыгы баяндалат. Авезов романда Абайды өлбөс-өчпөс кылып көрсөтөт. Абайды түбөлүктүү кылып жатып, ошол эле учурда казакты жана өзүнү дагы атын кылымдарга өчпөс кылат.

Чыгарманын түпнускасы казак тилинде. М. Авезов орус тилин мыкты деңгээлде билген. Эгерде чыгармасын орусча жазганда, анда анын дүйнө адабиятындагы орду башкача болору шексиз эле. Бирок, казакча жазууда көшөрдү. Анын көшөрүүсү туура жана абдан маанилүү негиздеме болчу. Авезовдун: Бул романды казакча жазам, күндөрдүн биринде ажалым жетип, бул дүйнө менен кош айтышам. Дүйнөдө бир да казак калбаса дагы, казактын маданияты, тили, адабияты, искусствосу дүйнө өз огунда айланганча бул чыгарма дагы түбөлүктүү жашайт “ишеними менен өчпөс чыгарма жаратканын ойлом. Бул дүйнөлүк адабиятка болгон чакырык эле. “Абай жолу” романы; тил байлыгы, темасы, ыкмасы, терең ойду камтыган билдирүүсү аркылуу казактардын келечектеги урпактарына “ ишеним” жана “күрөшүү” үмүтүнө байлаган сезимин туудуруу, улуттук духту ар дайым жана ар кайсы жерде бийик көтөрүү болуп саналат.

М. Авезов тил, адабият, адабий стиль жана маданият жагынан алып караганда жалгыз эле “Абай жолу” менен гана чектелбейт, анын толгон-токой аңгемелери да бар. Жазма адабиятка негиз салган адабиятчы, фольклор окумуштуусу, изилдөөчү, ойчул, элдик даанышман, гезитчи, театр жазуучусу... Бозкырда мындай адамдын өзүн өзү тарбиялап, өстүргөнүнө таң калбай коюу мүмкүн эмес! Албетте, анын билимге сугарылган жашоосунда Ташкенттин жана Москванын орду чоң. Муну баса белгилеп айта кетүү керек. Ташкенттеги университет ал учурда өзбек, казак, кыргыз, туркмен жаштарынын билим очогу жана билим алууга карай ачылган эшиктин алтын ачкычы эле. Ал жерде билим алгандан кийин Москвадагы окууга жөнөгөн. Бул жерде алынган билимдин Авезовго чоң салымы болгонун баса белгилеп кетүү керек.

Кыргыз филологу, жазуучусу Бейшабай Усубалиев: Адабиятта он сегизинчи кылымды Кудайым француздарга бериптир. Он тогузунчу жана жыйырманчы кылымды болсо орустарга буйруптур” деген кеби бар. Виктор Хьюго, Бальзак, Ж.Ж. Руссо жана анын артынан Толстой, Достоевский жана Пушкин... Казак жана кыргыз адабияттарын да француз, орус адабияттарынын алкагында баалоо керек. Өзгөчө Түркиядагы тил жана адабият тармагында эмгектерди жаратып жаткан, жарата турган академик жана академик кандидаттарынын көңүлүн ушуга бургум келет. Салыштырмалуу адабият эмгектерине аябай муктаждыгыбыз бар.

Көп жылдардан бери түрк тилин окутуунун үстүндө эмгектенип келесиз. Ушул жааттагы тажрыйбаларыңыздан да учкай кеп кылып өтө аласызбы?

“Эне тили” жана эне тилдин чет тили катарында окутулуп-үйрөтүлүүсү ортосунда метод жагынан өзгөчөлүктөр барбы? Бар болсо, аларды конкреттүү түрдө кантип ортого коебуз? Эне тилин үйрөткөн мугалим менен эне тилин чет тили катары үйрөткөн мугалимде кандай өзгөчөлүктөрдү издейбиз? Ушуга окшогон суроолорду чексиз берип кете берсе болот.

Мезгил-мезгили менен түркчөнүн чет тили катарында үйрөтүүгө байланыштуу мугалим болуучу талапкерлерге курстарды жана семинарларды өтүп турабыз. Теманын маанисине көңүлдү бурдуруу үчүн алгачкы сабактарда бир эки көзгө урунарлык өрнөктөрдү дароо көрсөтөбүз:

Бир сүрөтчүнү элестетиңиз, галереяда көргөзмө уюштуруптур.... тоо боорундагы табият сүрөттөрү... Сүрөттөрдү көрүүгө беш түрдүү адам келген экен. Биринчи адам сокур, экинчиси дүлөй, үчүнчүсү сокур жана дүйлөй, төртүнчүсү дүлөй жана дудук, ал эми бешинчиси сокур, дүлөй жана дудук адам экен. Беш адам сүрөт көргөзмөсү галереясына келишип, сүрөттөрдү ар бирине ийинине чейин сүрөттөп берүүсүн суранышат. Сүрөтчү беш кишиге сүрөттөрүнө байланыштуу cүрөттөмөнү кайсыл ыкманы, методду жана техниканы колдонуп, сүрөттөп айтып берет? Угуу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген кишиге кантип сүрөттөп берет? Көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгенге кантип сүрөттөйт? Төрөлгөндөн бери сүйлөбөгөн, укпаган, көрбөгөн кишиге кайсы методду колдонуп сүрөттөп берет? Кайсынысына сүрөттөрдү сүрөттөп берүү дагы оңойраак? Бул оңойлукту көрсөткөн өзгөчөлүктөр кайсылар? Көрбөгөн, укпаган, сүйлөбөгөн кишинин жан дүйнөсүндө асмандагы булуттун өзү жана тил көрсөткүчтөрү эмнени билдирет? Сүрөтчүнүн тапкан методу, техникасы, каражаты баарына карата колдонулабы же ар бири үчүн ар кандай ыкма жана методдор колдонулушу керекби?

Мугалим болуучу талапкерлер кыска убакытта таңдангандарын четке ташташып, жарым-жартылай болсо дагы көз караштарын айтып беришет. Үйрөнүүчүлөрдүн мээсинде эң биринчи болуп орун алган тема: “ыкма”, “метод”, техника” “каражат” ж.б. түшүнүктөр мыктай кагылып баштайт. Сүрөтчүнүн темасынан алып караганда “эне тили” “кош тилдүүлүк” “эне тилинин чет тили катары үйрөтүлүшү сыяктуу темалар бири - биринен айырмаланган түшүнүктөр катарында алынып, баалануусу керектиги аң-сезими абстракттуудан конкреттүүгө өтө баштайт.

Көп жылдардан бери Анкара университетинин түрк окутуу борборунда (AÜ TÖMER) эмгектендик, француздарга, англичандарга, испандыктарга, араптарга, шри ланкалыктарга - картадагы аталышын көрсөтүүгө мүмкүн болбогон өлкөлөрдүн жарандарына чет тили катары түрк тилин окутуп үйрөттүк. Бул эмгектин оңойго турбаганын, кыйындыгына карабай ырахат тартуулаганын сездик. Салам деп учураша албаган үйрөнүүчүнүн 1-2 айдан кийин: “Кандайсың?”, “Жакшысыңбы?” деген сыяктуу суроолорду берип баштаганын, түрк маданиятына байланыштуу пикир-түшүнүктөрүн уккан сайын руханий жыргалга батасың. Бөлөк башка кишиге өзүңдүн эне тилиңди үйрөтүү.... Жумуштун экономикалык жагын алып карабаганда, бул аябай сонун сезим. Ошол себептүү Анкара университетинин түрк тилин окутуу борбору (A.Ü. TÖMER) жүздөгөн жаш, түрк тили мугалимдерине чоң мектеп болду. Ошондуктан Анкара университетинин түрк тилин окутуу борборуна (A.Ü. TÖMER) дайыма ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Жыйырма беш жаштагы мугалим болуп жүргөн кезимде мекемебиз бизди Алматыга жөнөтүп, ал жерде дипломаттарга түрк тилин үйрөтүү насип кылды (1993). Тил, филология, тил илими же бөлүмдүн аталышы кайсы илимий тартипте айтылса айтылсын ошол тармактагы бакалавр, магистратура же доктор талапкерлерине түркчөнүн тил катарында окутуу маселесине өзгөчө басым жасагым келет. Бул маселе көп кырдуу жана ушул маселенин үстүндө иштөө, изилдөө, макалаларды жазуу жана бул иштин ичине кирүү адамга өзүнчө жана өзгөчө бир эстетикалык сулуулук тартууларын айта алам. Албетте бул абал башка түрк тилдерине да таандык. Бул тармакта жасалуучу жумуш чачтан көп, ошондой эле бул жолдо басылуучу аралык да узундан узун. Бар болгон күч-кубатты, билим жана жөндөмдөрдү ушул жаатта сарпташса өздөрүнө дагы өлкөсүнө дагы чоң салым кошкон болушат. Жаштарга берер кеңешим ушулар, алардын кулагына күмүш сырга!

Түрк тилин үйрөтүү жыйнактарына байланыштуу эмнелерди айтып бере аласыз?

Ушул маселеге байланыштуу gungorname. сom сайтында кененирээк бир жазуу жазгам.[2] Сурооңузга жооп берүүдөн мурун Туркияда жана дүйнөдө эне тилин окутуу маселесине кыскача тийип өткүм келет. Болжол менен он сегиз тилдик курстарды уюштурган Анкара университетинин түрк тилин окутуу борборунда (A.Ü. TÖMER) “Туркияда жана дүйнөдө эне тилин окутуу” аттуу бир катар конференциялар жүзөгө ашырылды (1998). АКШ, Англия, Франция, Германия, Кытай, Сауд Аравиясы, Казахстан, Кыргызстан ж.б дүйнө өлкөлөрүнүн тилдери иликтенип изилденди. Башталгыч мектептин эне тили китептери, сабактын программалары, класстык ортоломолор, мугалимдердин өзгөчөлүктөрү, сабакта колдонулган каражаттар, сынак системалары, окутуу методдору, дедуктивдик, индуктивдик методдордун ар бири талкууга алынды. Кайсы бир өлкөлөрдүн окутмандары конференцияга чакырылып, докладдарын сунушту. Жыйынтыкта ар түрдүү божомолдор, ар кандай системалар келип чыкты. Германиядагы гимназиялар, Италиядагы класстын ичиндеги иш- чаралар жана сынак системалары, АКШнын аймактарга жараша ар башкача китептери, мектеп жана үй-бүлөнүн биргелешип иштөөсү, Жапонияда билим жана жөндөмдү окуучуга жүктөөдөгү интенсивдүү программасы.. Кызыктуу жана ар кандай жыйынтыктар келип чыкты. Бул маселеге тийип кетүүмдүн себеби чет тилин мыкты үйрөтүүнүн негизинде кынтыксыз эне тилин окутуп үйрөтүү процесси бар. Бул ошол эле учурда үйрөтүүчү/үйрөнүүчүнүн ийгилик диаграммасына таасирин тийгизбей койбойт.

Чет тилин окутуп-үйрөтүүгө келе турган болсок, ушуларга байланыштуу көптөгөн китептерди карап чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз болду. Жогоруда да кеп кылып кеткенибиздей: 1. Дүйнөдө эне тилин үйрөтүүгө багытталган башталгыч мектептин окуу куралдары 2. Tүркчөнүн жана башка дүйнө тилдеринин чет тили катарында окутулушуна байланыштуу окуу куралдары.

Немецтердин Deutsh Activ, англичаниндердин “Headway”, француздардын Archipel, испандыктардын Spanish ж.б. аттуу окуу китептери менен бирге төрт негизги жөндөмгө багытталган окуу куралдары жана көнүгүү китептери жана методдору.... Ушулардын баарын изилдедик. Албетте, эң алгач Мехмет Хенгирмендин Нуреттин Коч менен бирге жазган “Tүркчө үйрөнөбүз I-V” аттуу тил үйрөтүү жыйнагынын артынан Гази, Эге, Стамбул университеттеринин жарыкка чыгарышкан түрк тилин окутуу жыйнагын Гиресун университетинин Анкара университетиндеги түрк тилин окутуу борборунда (A.Ü.TÖMER) ар тараптан изилдеп чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз болду. Ошондой эле Анкара университетиндеги түрк тилин окутуу борборунун (A.Ü. TÖMER) түрк тилин үйрөтүү кызматкерлери тарабынан чыккан “Hitit”, “Yeni Hitit”, дагы кийинчирээк “Yesevi Türkçe”, Кыргызстан – Туркия Манас Университетинин “Altın Köprü Türkçe” окутуу жыйнактары ушул тармактагы бөксөргөн жердин ордун толтурду. Шексиз Мехмет Хенгирмендин түрк тилин окутуу жыйнагы, түрк тилинин чет тили катарында азыркы күнгө чейин окутуп жайылтууда жана ушул жаатта магистратура жана доктордук программалардын ачылуусунда эң башкы эмгектердин бири болуп саналат. Мехмет Хенгирмен кийинчирээк сөздүк жана фильмдери камтыган, төрт негизги жөндөмгө багытталган “Türkçe Öğrenelim I-IV” аттуу жыйнакты даярдаган. Мага айрыкча Европа тил портфольесуна ылайык түрк тилин үйрөтүү жыйнактарынын ичинен Стамбул университети жана Анкара университетиндеги түрк тилин окутуу борборунун (A.Ü. TÖMER) кызматкерлери тарабынан чыгарылган “Hitit I-III (байыркысы)” аттуу жыйнагы көбүрөөк көңүлүмө төп келет.

Дүйнө тилдеринин ичинде эне тилин чет тили катары үйрөтүүгө багытталган эң мыкты тил үйрөтүү жыйнагы кайсы деген суроого француздардын Arschipel’и деп жооп бермекмин. Методу, өзгөчөлүгү, ар кайсы жаштагы топко берилген көнүгүүлөрү жана тексттери бар... Белгилүү мультфильм каармандары “TenTen” менен A1 деңгээлинде таанышууга мүмкүнчүлүгүңүз болот. Французча, испанча, жапончо, арапча, немецче, англисче ж.б. чет тили окутуучулары менен ушул тил жыйнактарын изилдеп баалоого мүмкүнчүлүгүбүз болду. Француздардын бир айырмачылыгы эне тили жана чет тили китептерин жылдан жылга жаңыртуусу болуп саналат.

Чындыкты айта кетүү керек, түрк тилинин чет өлкөлүктөргө үйрөтүү тармагында дагы басып өтүү керек болгон аралыктын узундан узун экенин ойлом. Кырк эки тил билген жана Бельгиянын Гент университетинде Туркия түркчөсү жана түрк тилдери сабагын өткөн кадырлуу J. Vandewalleнын темага байланыштуу көптөгөн баалуу көз караштары жана аныктоолору бар. [3]

Жаш, түрк тили мугалими болуучу талапкерлердин көңүлүн бурууга аракет кылуудамын. Дүйнөдө өз эне тилин окутуусун тармагына айландырып, ушул жол аркылуу эң көп валюта камсыз кылган өлкө кайсы? Албетте, Англия. Жыл сайын 34 миллиард доллар өлкө казынасына салым кошот. Макул дейли, биз түрктөр өз эне тилибизди окутуп-үйрөтүүдө жыл сайын канча чет өлкөлүккө тил үйрөтүп, канча валютанын кирешесин камсыз кылабыз? Жогоруда айтылган сандан аз экени шексиз. Эң эле аз.. Бирок жыл сайын 180.000’го жакын ар кайсы өлкөнүн жараны Туркиядда жогорку окуу жайда окугусу келет. Ар кандай стипендиялар менен болгону алардын 10.000’нун гана кабыл ала алабыз. Юнус Эмре Институту жыл сайын 15-17.000 чет өлкөлүккө түркчө үйрөтүүдө. Университеттердин Тил үйрөтүү борборлорунун жалпылап алганда бул сан 50.000’дон ашпайт. Көрсө түрк маданияты жана түрк тилине кызыккан жүз миңдеген киши бар экен. Ушул тармакта өзгөчө жана ар тараптуу болгон тил үйрөтүү жыйнактарына, көптөгөн окутуучуларга муктаждагыбыз бар. Түтүксүз, чоң сектор... Маданиятыңызды дүйнө жүзүнө чыгаргыңыз келсе, анда өз эне тилиңизди үйрөтүңүз.

Дагы башка маселе түрктөр үчүн чет тилдерин үйрөнүү маселелери бар. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда жыл сайын алты миллард доллар англисче, немисче, арапча ж.б тилдерди үйрөнүү үчүн акча коротобуз. Аягында ачуу чындык менен бетме бет келебиз. Алты миллард доллар, кумга сиңген суудай жоголуп кетүүдө. Улуттар аралык индекстерге ылайык 45 өлкөнүн ичинде өз өлкөсүндө чет тилин үйрөнүү жагынан эң ийгиликтүү өлкө Норвегия, экинчи Финляндия. Туркия болсо, ийгиликтин тартиби боюнча акыркыдан экинчи кезектерде турат.

Кыскасы Туркияда эне тили жана чет тили маселесинин негизги чечилишине багытталган кадамдар жасалашы керек болсо, эң биринчилерден болуп “Улуттар аралык дүйнөлүк тилдер университети” курулушу керек. Жогоруда тилге байланыштуу сарптоолорду эске алганыбызда жана маселенин мындан ары качууга мүмкүн болбогон тармакка айланганын аңдап, ушул сыяктуу аракеттерди мамлекеттик саясатка айлантуу керек. 2012-жылынан бери кол менен санап көрсөтүүчүдөй киши менен бул жаатта эмгектенебиз. Ушул процесс бизден сабырдуулукту, көп эмгекти жана аракетти талап кылат...

Кантип жазуу ишине кириштиңиз? Алгачкы аңгемелериңизди журналга жарыяладыңызбы?

Он беш, он алты кер мур тартып калган жаштарымда жазуу ишине аралаштым. Чектен чыгып, роман жазууга да бел байладым. Тарыхый роман эле. Фильмдин сценарийлерин жазып журдүм, бирок булар эч кайсы журналга жарыяланган жок. Белгилүү бир мезгилдерде ырларды да оюмдан токуп, жазып жүрдүм. Бирок ырларымдын ачыкка чыгышын каалабадым. Жазуу иши өтө жаш мезгилимде ышкыбоздукка айланды. Бир досумдан аны ишендирип алган карапайым басма машинкесинин жазуу ишимдеги ролу абдан чоң. Жазуу ишине киришүүдөн мурун чынында аябай көп китеп окуганымды да бул жерде айтууга мажбурмун. Орто мектептеги мезгил мен үчүн алтын доор болду. Шаардык китепкананын ар дайымкы китеп сүйүүчүлөрүнөн бири элем. Китепкананын китепти үйгө берүү бөлүмү бар эле. Бул бөлүмдөгү төрт дубалдын текчелеринде катар-катар бир бурчтан тиги бурчка чейин тизилген китептер бар эле. Окууну сүйгөн жоро-жолдошторум менен китептерди окууда жарышчу элек. Лицейди бүтүргөнгө чейин төрт дубалдагы китептердин баарын ким окуп бүтүрөт деп... Окулган китептердин өзгөчө кыскача корутунду кылып, айтылган негизги пикирин чыгарат элек. Явуз Бахадуроглу, Нежип Фазыл Кысакүрек, Бальзак, Виктор Хьюго, Миң бир түн жомоктору ж.б. дагы чыгыштын уламышы Шейх Сади Ширазинин Бостон жана Гулистан жана дагы башкалары. Университет жана АУ ТОБ жылдарын бир четке таштасак, жазуу эмгектерибиз узун бир аралыктан кийин Кыргызстанда башталды. Азыркы учурда төрт аңгемени камтыган “Бейлик” китебим жарыкка чыкты.

Адабиятка мени түрткөн эң маанилүү, натыйжалуу себептердин бири Сезгин Бурактын Таркан, Мурат Сертоглунун Караоглан комикстери жана учурдун азил журналдары. Мага чоң таасир тийгизгендерин ойлойм. Бул темага дагы кошо турган болсок тарыхый фильмдер..... башкача айтканда биздин муундагы өзгөчө Жүнейт Аркындан Малкочоглу, Кара Мурат, Картал Тибеттин Таркан жана Сердар Гөкхандын Эстергон сепили сыяктуу фильмдери кыялдуу дүйнөбүзгө өзүнчө көркөмдүк жана боекторду тартуулаган.

Түрк калктарынын адабияты, мифологиясы, дастандары, ырлары, элегиялары энциклопедияларга батпай тургандай бай жана кенен. Адабияттын этегине жармашкандардын бири катарында Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан адабият океанындагы учу кыйры жок шарпылдаган сууларында кемени башкаруу оңой эмес. Биз дагы казак, кыргыз адабиятынын үстүндө көп иштеп, көп эмгек кылуу менен бирге толкундаткан Мухтар Авезовдун “Абай Жолу” романын жана аңгемелерин которуу иштеринде биринин артынан экинчиси жүрүп жатты.

Аңгемелериңизди кантип түзөсүз жана алардын мазмунунан баяндап бере аласызбы?

Ар бир жазуучунун жана акындын ар башкача жазуу ыкмасы, таризи болот, бул табийгый нерсе. Классика, бирок дайыма өтүмдүү... Аңгемеде, романда алгачкы сүйлөм маанилүү. Биринчи сүйлөмдү жазгандан кийин андан кийинкисинин келечегин ойлойм. Үстөлгө отуруп, аңгеме жазуунун өзү эле аябай машакаттуу иш. Жолдон өтүп бара жатып, көчөдө бутунда байпагы, бут кийими жок баланы көргөнүңүздө ал сизге нерселерди элестеттирет, ошондо кагазды, ручканы алып, жазасыз. Жашоомдо мындай көрүнүштөргө туш болдум. Кайсы бир окуялардан, фильмдин үзүндүлөрүнөн, жашоонун өзүнөн дайыма бир нерселерди алам. Негизинен аңгемелерде башымдан өткөргөндөрдүн издери жана ассоцияциялары болот. Аңгеме жазууда бүтүндөй фильмди элестетиңиз. Эң алгачкы секундаларынан акыркы секундаларына чейин көрүүчү бүтүн ыкласы менен кызыгып көрөт. Ырааты менен жазуу деген өзгөчөлүк болот. Бирок мен киришүү эпизодун эмес, ортоңку эпизодду жазам. Белгилүү бир убакыттан кийин, арадан эки үч ай өтөт, ошондо киришүү эпизодун жазам, анан кайсы бир мезгилден кийин соңку эпизодду жазам. Же болбосо акыркы эпизодду мурда жазып..... андан кийин кийинки эпизоддорду жазам.

Элдик адабиятта акындыкка байланыштуу ушундай бир кеп бар. Бир күнү киши түнкү уйкуга көзү илинип, түшүндө бир акын колун сунуп, өз багытындагы жолу менен баруусун суранат. Же болбосо Манас эпосунда болгондой Манас ата кишинин түшүнө кирет. Эпосун айтуусун суранат. Киши ойгонгондон кийин белгилүү “манасчы” болуп чыга келет.

Ушуга окшогон бир окуя “Бейлик” аттуу чыгарманы жазууда башымдан өттү. Түксүз аттуу аңгеменин он жетинчи, он сегизинчи барагын Бишкектеги Манас Университетине караштуу ложмандын бешинчи кабатындагы жупуну батирде жазгам. Аңгемеде үйдөн чыгып кеткен күйөөсүнөн кийин артында калган эки кыз жана жаңы төрөлгөн бала менен эненин трагедиясы баяндалат. Окурман үчүнчү бетте гана бул аңгемеде көгүчкөндүн үй-бүлөсү тууралуу сөз болуп жатканын түшүнөт. Кептерлер үйдүн кожоюну үйдү таштап кеткенден кийин тамак издөө үчүн көккө көтөрүлүп, талааларга учушат. Ал жерде буудай, дан эмне табышса жешет. Уяларына артка кайтуу убагы келет. Көтөрүлүп, кайрадан шаарды көздөй учушат. Энеси менен эки кыз тууган учуп баратканда тентек бир бала ача жыгачка таш салып атат. Таш кыздарына тийбесин деп, эне көгүчкөн далбастап кыздарын калкалайт. Таш эне көгүчкөндүн канатына тийип, аны сындырат. Эне көгүчкөн өзүнүн жанын курмандыкка чалып, жерге кулап түшкөндө ача жыгачка таш салып аткан тентек бала ал куштун башын жулуп алат. Эпизод ушул. Өтө оор окуялуу эпизод.

Мына ушул эпизоддун үстүндө иштедим. Факультетте жумушум бүткөн соң, ложманга келип, бешинчи кабатка көтөрүлүп, чарчап чаалыгып батирдин маңдайына келдим. Ушул арада жаңы жарыкка келген балам эки жумалык эле. Кыштын суук күнүндөй эле. Март айы болчу калп айтпасам. Эми кирейин дегенде эшиктин маңдайындагы дубалдын бурчунда көгүчкөн бар экен. Чарчаңкы жана жалгыз канатын дубалга сүйкөнүп жатыптыр. Бул суукта көгүчкөндү үйгө алып киргим келди, келинчегим: “ Азыр куш тумоосу жүрүп жатат, бул көгүчкөндү алып кирбе!”деди. Оюма балам кылт дей түштү, үйгө кирдим, ал эми көгүчкөн сыртта калды. Эми жок дегенде картондон жасалган кутунун ичинде болсун деп, аны кутунун ичине салып, эшикти жаптык. Көгүчкөн таң атканча көз алдымдан кеткен жок. Эртең менен эшикти ачсам, көгүчкөн өлүп калыптыр.

Чындыгында аңгеме жазуу, роман жазган сыяктуудай эле каныңдан сыя алгандай. Жазуу иши менен алектенсеңиз бул ушундай. Жазбасаңыз жана туйбасыңыз жазбай эле коеюңуз. Баяндаган темаңызга жазуу аркылуу жан берүү керек. "Бейлик" балалыгымда байкемдин малчылык кылып жүргөндөгү карап баккан кара, сымбаттуу букасынын аты эле. Агамдын көздүн карегиндей баккан букасынын салгылашуулары, күрөшү баяндалат. Айылда салгылашып жеңбеген өгүзү калган эмес. Кошуна айылдардан канчалаган күчтүү букалар келчү. Алардын баарын утуп, жеңишке ээ болгон. Эң аягында айылдагы жаңыдан жетилип келе жаткан букалардын бири “Читак” менен салгылашат. Бул анын акыркы салгылашуусу эле. Тууганыбыз Жалил жезденин букасы болчу Бейлик. Мен ошондо 5, 6 жаштардагы жеткинчек элем. Жалил жезде аны башка айылга сатканда Бейлик бир эки жумадан кийин ал жерден качып келет. Экинчи ирет башка айылга сатат, ал жерден да качып келет. Алажага союу үчүн касапчыга алып барат. Бейлик жаш бала жана анын агасы үчүн жашоого тырмышуунун белгиси эле. Аңгемеде эки бир тууган Алажа шаарын жолунун өйдө жагындагы эң бийик чокуга чыгышып, Бейликтин артынан көз ирмебей көз салышчу. Бир туугандын кичүүсү чанда уккан “ касапчы” сөзүнүн маанисин билбейт, агасынан дагы сурабайт. Бейликтин мал союлчу жерге союлууга алып барылганын билсе, кенже бир тууганга чоң кыйроо болушу мүмкүн эле. Бейлик эки бир тууган үчүн жашоонун сунган чоң алаканы жана беп бекем кармашышкан бул колду алардан уурдап, союулууга Алажа жолуна түшкөн эле.

"Бейлик" менен катар айылдын тарыхын баяндап, роман жазгым келген. Бирок анын аңгеме менен эле чектелип калышын туура көрбөдүм. Башка дагы кыялдарым бар. Жашоонун ортосундагы барагынан... Жан дүйнөнү жана тулку бойду дүркүрөткөн аңгемелер. Экинчи аңгеме китебинен кийин бир роман, эки фильм сценарийи жана үч бөлүмдөн турган сериалдын сценарийи. Булардын баарынын структуралары иштелип бүттү. Анын үчүн убакыт жана тынч иштөөгө чөйрө талап кылынат. Алар мени, мен аларды күтөмүн. Көрөлү, тагдырдын буйруганын.

Көп жылдар бою Кыргызстанда жашадыңыз. Кыргыз жазуучулары менен достук мамилелериңиз да болду. Кыргыз адабияты чөйрөсүндө түзгөн достук мамилелериңиз тууралуу сөз кылып бере аласызбы?

Кыргыз адабияты дегенде эң биринчи ойго эпос жана эпосчулук каада-салттары келет. Мындай алып караганда кыргыз адабиятынын алтын казынасы болуп саналат. Бул нерсе бир гана кыргыздарга таандык. Эпосу, мифологиясы бар элдик адабият эч качан жарды боло албайт. Греция, Индия уламыштары жана мифологиясына көз жүгүртүп көрүңүз. Ушуга түрдөш жапон, кытай мифологиясы жана маданий тарыхы да ошондой. Түрк уламыштары жана мифологиялык тарыхы ой-түбү жок океан. Кыргыздарды бар кылган, атын өчүрбөй, тиреп таяган, учурдагы калкынын саны аз болгонуна карабастан, айкөл Манас атанын берген духу менен адабият жана искусствосун дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп чыкты. Кино жаатында легендарлуу режиссер Төлөмүш Океев, мындан мурда учкай кеп кылып кеткен адабияттын туу чокусу Чыңгыз Айтматов.

Чыңгыз Айтматов ар дайым: “Чет өлкөгө чыкканымда дайыма жанымда эки нерсени алып жүрөм. Бири казактардын жазуучусу, устатым Мухтар Авезов, экинчиси албетте Манас эпосу”,- дечү. Шексиз кыргыз же кыргыз адабияты дегенде улуу Манас атабыз, Чыңгыз Айтматов көз алдыбызга тартылат. Ошентсе да, Чыңгыз Атйматов менен биргеликте кыргыз адабиятына из калтырган, классиканын ичинде ордун ээлеген көптөгөн акын, жазуучулардан кеп кыла алабыз. Мисалы, Аалы Токомбаевдин “ Кандуу жылдар” аттуу эки томдук романы бар. Ыр түрүндөгү чыгарма. Мыкты жазылган. 1916-жылындагы үркүн чагылдырылган. Үркүн, падыша өкмөтүнүн көрсөткөн каары жана зулумдугунун натыйжасында кыргыз жана казак урууларынын Кытай тарапка качып баш калкалоолору жана эли журтун таштап, Теңир тоодон ашып жатканда миңдеген бала-бакыранын жана адамдардын кырылганы учурундагы көрүнүш. Романдын темасы так ушуну ичине камтыган. Романда улутчулдук элементтер болгондуктан тыюу салынган, Советтер Союзу ыдырагандан кийин гана тыюу алынган. Дагы бир башка жазуучу Төлөгөн Касымбеков.... “Сынган кылыч” аттуу тарыхый романы тыюу салынгандардын катарында. Чыгарма Туркия түркчөсүнө которулган. Т. Касымбековдун чыгармалары менен байланыштуу Туркияда бир академик доктордук диссертациясын даярдаган. Өзү менен абдан таанышкым келген, дагы бир классик жазуучу бар, бирок тагдыр буюрбаптыр, жүз көрүшө албадык.

Түгөлбай Сыдыкбеков... “Жол” романы, жазылыш стили жана мазмуну жагынан мыкты чыгарма. Ошондой эле Насреддин Байтемиров балдар адабияты тармагында эң баалуу чыгармаларды жараткан. Жаңы муундун жазарларынын ичинде Султан Раев, Мырза Жапаров, Кеңеш Жусупов, Эрнест Турсунов (Куранды кыргызчага которгон) Мар Байжиев, Бейшебай Усубалиев (ошол эле учурда менин доктордук жетекчим) Өскөн Даникеев жана акын Сүйүнбай Эралиевдин аттарын санап кетүүгө болот. Аты аталып кеткен көпчүлүк жазуучу жана акындар менен ар кандай чөйрөдө жана жерлерде, илимий конференцияларда баарлашып, жүз көрүшүүгө насип буюруптур. Алардын ичинде пикирим боюнча Чыңгыз Айтматовдун стилине жакын Султан Раевди аттоого болот. “Күн кармаган бала” аттуу повести драматизм менен толгон, структурасы жана жазылыш стили күчтүү бир чыгарма. Бакалавр дипломдук иши катары бир студент тарабынан Туркия түркчөсүнө которулган. Айтмакчы адабият сынчысы, талантуу чыгарма жазуучусу, ыраматылык Салижан Жигитовду унутпоо керек. Бир жагынан алып караганда заманбап кыргыз адабиятынын күзгүсү болуп саналат.

Ошондой эле Ч. Айтматовдун сөлөкөт жазуучусу катары таанылган дагы бир жазуучу бар, ал Ашым Жакыпбеков. Чыңгыз Айтматовдун орусча чыгармаларын кыргызчага которгон. Түрк академиги Орхан Сөйлемез жана Кемал Гөз анын чыгармаларыны түркчө жарыялап чыгарган. Орхан Сөйлемез айрыкча “Салижан Жигитов жана дүйнөсү” аттуу бир китепти жарыкка чыгарган (2006). Кыргыз акындары ичинде дүйнөгө атагы чыккан Алыкул Осмонов. Отуз төрт, отуз беш жылдык өмүрүнө жашай турган, классикалык ырларды батырган. [4]

Кыргыздарда эмне себептен экинчи Чыңгыз Айтматов жок? Бул суроону ар тараптуу карап чыгуу керек. Ушул темага байланыштуу Салижан Жигитовдун бир канча макаласы бар. Адабият сүйүүчүлөрүнө буларды окуп чыгууларын сунуштайм. Ч.Айтматов кыргыз жана советтик, ошол эле учурда дүйнөлүк масштабдагы жазуучу болуп саналат. Дүйнөлүк жазуучу болуу ар кандай өзгөчөлүктөрдү талап кылат. Чебер жазуучу Айтматов менен 1996-жылында Алматыда казак акыны Жамбыл Жабаевдин эскерүүсүнө арналып уюштурулган иш-чарада таанышуу мүмкүнчүлүгү болду. Ч.Айтматов түрк дүйнөсүндө кадыр барктуу, аздектелген, бөтөнчө жазуучу жана акылман аксакал. Эч качан жөнөкөй максаттардын артынан чуркабаган, адам жана адамзатка байланыштуу глобалдуу маселелерди көтөрүү үчүн курч калемин колго алып, сүрөттөп көркөмдөп тартуулаган жана аларды чечүү жолдоруна байланыштуу жолдорду көрсөткөн.

Ч.Айтматов дагы кээ учурларда адилетсиз жана орунсуз сын-пикирлерге кабылган. Советтер Союзу урагандан кийин жаш муундагы кыргыз жазуучуларынын жолу ачылбады, кыргыз саясатына салым кошулбады, ж.б. маселелерде. Ушуну унутпоо керек, Ч. Айтматов жаш муундагы жазуучулардын чыгармаларын жакындан көзөмөлгө алды. Кайсы бир жаш муундагы кыргыз жазуучуларынын чыгармасынын киришүү сөзүн жазып, колунан келген жардамын аяган эмес. Ошондой эле Кыргызстандын түштүк регионунда өзбек-кыргыз крисизтик кырдаалдарды тескөөдө өзбек жана кыргыз ыйгарым укуктуу кызматкерлери менен көрүшүп, болушу мүмкүн болгон кагышуунун алдын алган. Кыскасы Айтматов сүрөт, айкел, театр, кино жана көркөм искусствонун ар тармагына таасирин тийгизген, багыт берген мектеп болуп саналат. Кыргыз интелегенттери, кыргыз искусствосу, адабияты жана кино чөйрөсүнүн өзгөчө 1960 –жылдардан кийинки калкынын саны аз болгонуна карабастан Советтер Союзу менен бирге дүйнөлүк кино жана адабиятында аябай чоң из калтырганын ойлом.

Казак адабиятына байланыштуу эмнелерди айтып кете аласыз?

Туркияда казак адабиятындагы атагы чыккан, эң алгачкы ысым балким Маржан Жумабаев болсо керек.[5] Казак адабияты оозеки элдик чыгармалары жана жазуу адабияты жагынан өтө бай. Оозеки чыгармаларды өзүнө камтыган уламыштары, жомоктору жана сонун акындык үрп-адаттары бар.

Абай Ибрагим Кунанбаев, Мухтар Авезов, Жусыпбек Аймавытов, Беймбет Майлин, Ильяс Жансугиров, Шакарим Кудайбердиули, Султанмахмут Торайгыров, Мухтар Магаюн, Дулат Исабеков, Калтай Мухамеджанов ж.б. акын жана жазуучулар казак адабиятынын эң башында тургандары болуп саналат. Казак классикалык чыгармалары биринин артынан экинчиси Туркия түркчөсүнө которулууда. Ушул котормо иштери тездетилиши керек.

Казак адабиятын салттуу казак адабияты катары карап чыгуунун ордуна мезгилдин шарттары, агартуу, маданият, искусство жана саясат тегиздигинде изилдөө туура бааланып, жемиштүү жыйынтыктарды берерине ишенемин. Ыбырай Алтынсарин, Ахмет Байтурсун сыяктуу агартуучулар казак тили жана билим берүү жаатында теңдеши жок, күжүрмөн күрөшүүгө киришип, анын үчүн жандары кыялган. Эскертилип айтылган агартуучулар Мухтар Авезов сыяктуу жазуучулар, аалымдар, тилчилер менен абакта болгон мезгилде дагы кат же башка жолдор аркылуу байланышын үзбөй, аң-сезимдүү, илимдүү-билимдүү казак коомун түзүү жолун улантышкан. Ушундай агартуу жолу бир эле тарыхый учурда өзбектерде да болгон. Туркиядагы заманбап түрк диалекттери жана адабияты бөлүмүнүн студенттери, кайсы бир тилчилер жана туркологдор аталып өткөн акындар, жазуучулар, педагогдор тууралуу жазылууга татыктуу эмгектерди жасашууда. Туркияда азырынча Орто Азия түркчүлүгүнүн тил жана адабиятын таанытуу этабын дагы да басып өтө албай жаткан процессти башыбыздан өткөрүп жатканыбызды моюнга алуу керек.

Рахмат!



[1] Интервивди алган жазуучу, акын; Руслан Дост Али (Жахангирли)

[2] gungorname. com, Чет өлкөлүктөргө түрк тилин окутуп үйрөтүү (Көз караштар, сунуштар)

[3] www.turkcede.org

[4] АУ ТОБ Түрк тилдери жана адабияты журналы, Бет:5, Aнкара, 1996

[5] Советтер Союзунун кыйрашынан мурун профессор, доктор Ахмет Бижан Эржиласун агайыбыз Магжан Жумабаедин ырларыны доктордук диссертация катары Ферхат Тамирге тапшырыптыр.

 
Türkçe Öğretimi

İSTATİSTİKLER

mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterBugün31
mod_vvisit_counterDün452
mod_vvisit_counterBu Hafta31
mod_vvisit_counterGeçen Hafta2973
mod_vvisit_counterBu Ay12348
mod_vvisit_counterGeçen Ay14133
mod_vvisit_counterToplam580301

IP Numaranız: 18.207.106.142
home search